Эми жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтомдор айдоочуларга электрондук форматта жөнөтүлөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, «Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер тарабынан катталган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча чыгарылган токтомдор 23-майдан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жибериле баштайт.
Ошол эле учурда кагаз түрүндө жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында да жеткиликтүү болот.



