Агартуу министрлиги 2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы тестте өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө эки бүтүрүүчү жетишип, 239 упай топтошту. Алар Нарын облусундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева жана Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова.
Быйыл жалпысынан республика боюнча 55 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алат. Алар өлкөнүн жогорку окуу жайларына сынаксыз өтүү жана окуу акысынан бошотулуу өңдүү артыкчылыктарга ээ болушат.



