Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабынын жыйынтыктары 20-июнга жакын белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.
Абитуриенттер тесттин жыйынтыгы көрсөтүлгөн сертификаттарды бүтүрүү кечелеринде алышат деп күтүлүүдө. Ал эми ЖРТнын кеч өткөрүлүүчү этабынын жыйынтыктары июлдун башында жарыяланат.
Эске салсак, негизги тестирлөө май айында өткөн, ал эми кеч этап 19-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлөт.



