Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Бишкекте Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү курууга байланыштуу.

 

Тактап айтканда, бүгүнтөн тарта 10 күн бою аталган тилкеде тийиштүү курулуш иштери жүргүзүлөт. Ага ылайык, жолдун эки тарабы тең курулуштун жүрүшүнө жараша кезеги менен жабылып турат.

 

Айдоочулар каттамдарын алдын ала пландап алышы керек.