Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартылууда

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахманов тууралуу “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө жиберди.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурда тартуу тобу Москва шаарындагы “Москино” кинопаркында натуралык кадрларды тартып жатат. Бул кыргыз киночулары үчүн аталган кинопаркта тартылган алгачкы көркөм фильм.

Тартуу иштерине Россиянын белгилүү актерлору жана Казакстандын актеру катышууда.

Фильмдин бет ачары 2026-жылдын август айында өтүп, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.