Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү тарыхый тасма тартылып бүттү

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Жусуп Абдрахмановго арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасманы тартып бүткөнүн билдирди.

 

Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодо ошол доордун тарыхый атмосферасы көрсөтүлүп, тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

 

Тасманын режиссёру Кыргызстандын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.

 

“Жусуп” көркөм тасмасынын бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген жана Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.