Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2 миң 200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал ишендиргендей, 10-декабрга чейин алгачкы батирлер электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандарга бериле баштайт.
Маалыматка ылайык, үйлөр үлүшчүлөр үчүн чарчы метри 1400 доллардан, кезекте тургандарга 700 доллардан сатылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



