Жыл аягына чейин Ошто 70 үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл жыл башынан бери 50 көп кабаттуу үйдүн фасады актап-сырдалды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыл аягына чейин дагы 20 үйдө иштерди бүтүрүү пландалууда.

 

2025-жылы шаардагы 50 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланган.

 

Фасаддарды актап-сырдоо иштери шаардын көркүн жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.