Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июлга карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 500 жаран кайрылган. Алардын ичинен 52 миңден көбүнө эмгек мыйзамдары жана иш менен камсыз кылуу маселелери, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңештер берилди.



