Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында 128 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каражат өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилип, жалпы сумма дээрлик 78 миллион сомго жетти. Белгилеп кетсек, жеңилдетилген насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



