Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында 5,5 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каражат өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилип, жалпы сумма дээрлик 3 миллиард 522 миллион сомго жетти. Белгилеп кетсек, жеңилдетилген насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө.



