Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57 миллион 522 миң сом каржыланды

Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57 миллион 522 миң сом каржыланды.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилди. Эске салсак, 2024-жылдын 1-февралына карата 59 миллион 477 миң сом каржыланган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.