Мадриддик “Реалдын” жана Англия курамасынын форварды Джуд Беллингем “Алтын топ” наамына башкы талапкер болду

Мадриддик “Реалдын” жана Англия курамасынын форварды Джуд Беллингем “Алтын топ” наамына башкы талапкер болду.   Талапкерлердин тизмесин France Football спорттук басылмасы жарыялады.   Экинчи орунда бразилиялык Винисиус Жуниор турса, үчилтикти франциялык Килиан Мбаппе бекитет. Белгилеп кетсек, “Алтын топ” наамынын саны боюнча Лионель Месси рекордчу болуп… Кененирээк…

Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду

Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду. Майдын соңуна карата өлкө банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.   Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок,… Кененирээк…

Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү

Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү. Бул жалпы көрсөткүчтүн 98 пайызын түзөт, — деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.   Анын ичинен 65 миң 745 субъект бирдиктүү салык системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген базарларда иштеген 17 миң 140… Кененирээк…

Кыргызстанда автогаз дагы деле тартыш болууда

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы дагы деле байкалууда. Бул тууралуу айдоочулар билдирип айрым май куюучу бекеттерде автогаз такыр эле жок болуп жатса, кээ бир жерлерде көп убакыт кезек күтүп жатышканын айтышууда. “Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, ага чакан компанияларда… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 2026-жылы профицитке чыгат

2024-2025-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик бюджети дефицит, ал эми 2026-жылы профицит менен чыгат. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык баяндамасында айтылат. Эске салсак, мамлекеттик бюджет республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бюджет көп жылдар бою дефицитте болсо, былтыр жана 2024-жылдын соңку… Кененирээк…

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн эки бөлүгү жабылат

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Мэриядан кабарлашкандай, 10-июлдан тарта аталган көчөнүн Ж. Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул кесилиштерге асфальт басуу иши аяктагандан кийин, Абдрахманов көчөсү Москва көчөсүнө чейин ачылат.   Андан… Кененирээк…

УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады

УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады. Рейтинг чейрек финалдын жыйынтыгы менен түзүлдү. Ага ылайык, максималдуу ылдамдыкты Франция курамасынын капитаны Килиан Мбаппе көрсөттү – саатына 36,5 чакырым.   Экинчи орунда Испаниянын чабуулчусу Ферран Торрес жайгашат, ал саатына 36 чакырым чуркайт. Ыкчам футболчулардын үчилтигин Словения курамасынын… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда ички рейстердин учуу аймагы оңдоп-түзөөдөн өттү

“Манас” эл аралык аэропортунда ички рейстердин учуу аймагы оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы залда тиешелүү шарттар каралган эс алуу зоналары, эне-бала бөлмөсү жана намазкана каралган.

Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, объект 275 окуучуга чакталып, Көк-Талаа айылында жайгашат.   Имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана галереядан турат. Учурга карата курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды. Мектеп окуучуларга… Кененирээк…

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, жеринде 300 адам иштеп жатат, ошондой эле 92 атайын техника тартылды. Жолдун жалпы узундугу 13 чакырымдан ашат.   Күтүлгөндөй, трасса төрт чийиндүү болот. Кара-Дарыя жана Жазы дарыялары аркылуу эки көпүрөнүн курулушу пландалууда.… Кененирээк…