Бишкекте кайрадан көчөлөр тосулат

Бишкекте кайрадан көчөлөр тосулат. Бул ирет КМШ мамлекеттеринин парламент аралык ассамблеясы үчүн.   Расмий иш-чара Бишкекте 16-17-ноябрда өтөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, делегациялар келген учурда Манас, Айтматов, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Байтик Баатыр, Медеров жана Юнусалиев көчөлөрү маал маалы менен тосулат.   Шаар… Кененирээк…

Экономика министрлиги 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө тыюу салууну сунуштады

Экономика министрлиги 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө тыюу салууну сунуштады.   Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте жазылгандай, мындай демилге жеке ишкерлерди орунсуз текшерүүлөрдү кыскартууга жардам берет.   Бирок ар кандай кылмыш иштери боюнча, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суранычы менен, физикалык  жана юридикалык жактардын арызы… Кененирээк…

Жалал-Абадда эки үй-бүлөнү ис уруп, ооруканага түштү

Жалал-Абадда эки үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып, ооруканага кайрылышканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 13-ноябрда Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургундары, тагыраагы, 7 адамдан турган бир үй-бүлө ис урганын айтып, ооруканага өздөрүнүн автоунаасы менен барып көрүнүшкөн. Балдарынын эң кичүүсү 2 жашта болгон. Саламаттык сактоо министрлиги аларга… Кененирээк…

Бишкекте Manas Tower комплекси курулат

Бишкекте Manas Tower комплекси курулат.   Анын курулушуна капсуланы президент салды. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, комплекс 45 кабаттан туруп, курулуш 3 жылда аяктайт деп пландалууда.   Анын ичинде  5 жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар зары, ресторандар, дүкөндөр жана 600 унаага ылайыкташкан парковка пайда болот. Долбоорго… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалга баалар туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалга баалар туруктуу. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, рыноктук баанын туруктуулугун алып келе турган негизги маселелер чечилди.   Алсак, Кыргызстанга отунду пошлинасы жок алып келүүгө шарт түзгөн индикативдүү баланс көбөйтүлдү.   Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен мунай продуктыларын… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарынын экинчи раундунда старт алат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарынын экинчи раундунда старт алат. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, биздин команда D тобунда Малайзия, Оман жана Тайбэй менен кез келет.   16-ноябрда кыргызстандыктар Малайзия менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат.  … Кененирээк…

Нарында жаңы мектеп пайда болот

Нарында жаңы мектеп пайда болот. Курулушка тендерди Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Имарат 375 окуучуга чакталат.   Долбоорду ишке ашырууга 160 миллион сом багытталат деп пландалууда.

Кызамык жаш балдар арасында күч алууда

Кызамык жаш балдар арасында күч алууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ооруга чалдыккандардын көбү мектеп окуучулары жана бала бакчага барган наристелер.   Жыл башынан бери 3 миңден ашык учур катталса, анын басымдуусун 4 жашка чейикни балдар түзөт. Эң көп ооругандар Бишкекке туура келет. Министрликтен белгилешкендей –… Кененирээк…

Жеке ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык берилди

Жеке ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык берилди. Каражат “Кичи жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бөлүнгөн. Ушул жылдын  1-ноябрына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Жалпысынан каржылык колдоого 8 миңден ашык ишкер ээ болгон. Эске салсак, долбоордун алкагында ишкерлерге кайтарымдуу негизде пайызсыз насыя… Кененирээк…

Парламентте кредиттер боюнча ставканы төмөндөтүү сунушу көтөрүлдү

Парламентте кредиттер боюнча ставканы төмөндөтүү сунушу көтөрүлдү. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте айтылгандай, азыркы ставкалар орточо эсеп менен 25-30 пайызды түзөт.   Бул чоң көрсөткүч, айрым кичи насыялоонун алкагында үстөк пайыздын суммасы негизги карыздан дагы ашып кетет.   Андыктан, демилгечилер кредиттик ставкаларды төмөндөтүүнү… Кененирээк…