25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулук районундагы билим берүү уюмдары аралыктан окушат

25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулук районундагы билим берүү уюмдары аралыктан окушат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул күндөрү Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.   Ага катышуу үчүн ШКУ жана КМШ өкмөт башчылары, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери, Монголиянын премьер-министринин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле бул күндөрү бала… Кененирээк…

Бишкекте салттуу күзгү жарманкелер башталды

Бишкекте салттуу күзгү жарманкелер башталды. Мэриядан билдиришкендей, айыл чарба жарманкелери эс алуу күндөрү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө уюштурулат.   Бул жерден шаар тургундары айыл чарба продукциясын, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз жеткиликтүү баада алса болот.

Көзү азиз кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту

    Көзү азиз кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту.  48 килограмм салмакка чейинки категориядагы спортчу финалда япониялык атаандашы Хангаи Шизуканы жеңип,  1-орунду багындырды.   Белгилеп кетсек, муну менен дзюдочу Пара Азия оюндарынан Кыргызстанга эгемен тарыхтагы алгачкы… Кененирээк…

Чүй жана Ош облустарынын кайгуул кызматына “Автоураган” комплекстери тапшырылды

Чүй жана Ош облустарынын кайгуул кызматына “Автоураган” комплекстери тапшырылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, келечекте мындай жабдуулар бардык аймактардын кызматкерлеринде пайда болот.   Эске салсак, “автоураган” комплекси унаанын мамлекеттик номерлерин каттап, жол эрежелеринин бузууларын аныктай алат.

Кыргызстан кайрадан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда

Кыргызстан кайрадан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда.   25-октябрдан 27-октябрга чейин Бишкекте КМШ, ШКУ өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин отуруму өтөт.   Андан тышкары, бул күндөрү өлкөгө расмий сапары менен Кытай жана Монголиянын премьер-министрлери келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук тартипти жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда трансформаторлор алмаштырылып жатат

Ысык-Көл облусунда трансформаторлор алмаштырылып жатат. Аймактык электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, Ак-Суу районундагы “Нововознесеновка” подстанциясы жаңыртылды.   Бул объект 12 айылдын тургундарын электр энергиясы менен камсыздайт. Подстанциянын кубаттуулугу көбөйтүлдү. Ушундай эле иштер буга чейин Чок-Тал, Түп, Ой-Тал, Бөкөнбаев жана Кара-Ой подстанцияларында жүргүзүлгөн.

Нарын облусунда “Куланак” жаңы гидроэлектростанциясынын курулушу кызуу жүрүүдө

Нарын облусунда “Куланак” жаңы гидроэлектростанциясынын курулушу кызуу жүрүүдө. Долбоорду кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылап жатат.   Алар жалпы сумманын 75 пайызы чыгарат. Долбоорду ишке ашыруунун толук баасы 120 миллион доллар болсо, эки каржылык уюм 44 миллион доллардан бөлүп берет.   Жаңы гидроэлектростанциянын… Кененирээк…

Тогуз айда орточо айлык акы 32 миң сомду түздү

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчетун жарыялады. Ага ылайык, өлкө экономикасында өсүш байкалганы белгиленди.   Орточо айлык акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32078 сомду түздү. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд АКШ долларын түздү. Кыргызстандын экспорттук… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды.   Transfermarkt порталынын маалыматына ылайык, алгачкы эки орунду “Манчестер Ситинин” форварды Эрлинг Холанд жана “Пари Сен Жермендин” чабуулчусу Килиан Мбаппе ээлешти. Бул оюнчулар 180 миллион еврого бааланат.   Мыктылардын үчилтигин “Реалдын” жарым коргоочусу Джуд Беллингем бекитет, анын трансфердик баасы 150… Кененирээк…

Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу аймактарда карга айланган жаан жаап жатат.   Жол кызматтары трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө. Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык, чектөөлөр жок.