Кыргызстандан Кытайга балык экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстандан Кытайга балык экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, быйыл алты айда жалпысынан Казакстан менен Россияга дээрлик 2 млн кг балык экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 млн килограммга көп.   Адистер соңку жылдары Кыргызстанда балык… Кененирээк…

Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү ушул жылдын 9-октябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн райондук сотто Кутманованын бөгөт чарасы каралып, сот анын абактагы мөөнөтүн узартуу чечимин… Кененирээк…

Лионель Месси “Интер Майами” клубуна 75 млн доллар алып келди

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси “Интер Майами” клубуна 75 миллион доллар алып келди.   Футболчунун америкалык командага өтүшү инвестиция тартууда. Кредиттик жана кыймылсыз мүлк рыногунда иштеген компания “Интер Майаминин” атайын үлүшүн сатып алган.   Клубдун жетекчилиги түшкөн акча команданы өнүктүрүүгө жана стадион курууга жумшаларын билдирди.

Кара металл экспортуна киргизилген чектөө кайрадан узарды

Өкмөт ломду жана кара металл калдыктарын, алардан жасалган куймаларды экспорттоого тыюуну бүгүнтөн тарта кайрадан алты айга узартты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.   Токтомдун алкагында Экономика министрлигине Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлама берүү, Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, «Торугарт» жана «Эркечтам» пункттары 6-августтан тарта жумасына жети күн бою эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Жети күн бою тең жүк ташыган машиналар өткөрүлөт.   Ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (дем алыштан… Кененирээк…

Тажикстандагы жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Тажикстандын Куляб шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.   Кечээ, 6-августта кечки саат 7лер чамасында Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташыган унаа жол четиндеги эки үйдү, бир канча жеңил унааны сүзүп кеткен.   Душанбе-Куляб-Хорог жолундагы «Сомони» базарынын тушунда болгон… Кененирээк…

Баткенде жаңы автобекет курулат

Баткенде жаңы автобекет курулат. Тендер жергиликтүү мэрия тарабынан жарыяланды.   Долбоорду ишке ашыруу дээрлик 22 миллион сомго бааланууда.   Автобекет Курманжан Датка көчөсүндө пайда болот. Белгиленгендей, иш келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды

Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, таймашта ал венгриялык балбандар Золтан Левай менен Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.   Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону, 27 жаштагы Россия чемпионатынын коло… Кененирээк…

Бүгүн ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун IV туру башталды

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуунун буга чейинки I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынды.   Арыздарды жана документтерди “Абитуриент онлайн”… Кененирээк…

Япония Кыргызстандагы 10 бейтапканага медициналык жабдууларды берет

Япония Кыргызстандагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, гранттык негизде бериле турган техника Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга орнотулат. 7,5 млн долларлык диагностикалык жабдуулар 2024-жылдын аягында келиши күтүлүүдө.