Кыргызстан боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда

Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, “Эл аман” мамлекеттик дарыканаларында препараттардын бирдиктүү баа базасы түзүлөт.   Белгиленгендей, сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат.

Делиде жасалма жамгыр уюштурууну пландап жатышат

Делиде жасалма жамгыр уюштурууну пландап жатышат. Бул шаардагы абанын сапатын жакшыртат деп күтүлүүдө.   Индиянын борборун бир жумадан бери уулуу түтүн каптап жатат. Бийлик бардык мектептерди жаап, курулуш иштерин токтотту. Эми унааларды колдонууга чектөө киргизиле турганы айтылды.   Аба ырайына жана уруксатка жараша бийлик 20-ноябрдан… Кененирээк…

Нурдан Орунтаев Мамкурулуш агенттигине директор болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурдан Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.   Ал буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын аркалап келген.

Талас шаарына эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

Талас шаарына эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Ага чейин абоненттер батирдин ичиндеги батереяларды көзөмөлгө алышы керек.   Муниципалитет жылуулук үчүн төлөм 10-ноябрдан баштап эсептеле турганын эскертет.

Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттам ушул жылдын 12-декабрынан тарта аткарыла баштайт.   Чэнду шаарына самолет жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.

Мамлекеттик бажы кызматы 17 унаанын ээлерин издеп жатат

Мамлекеттик бажы кызматы Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын кампасында турган 17 унаанын ээлерин издеп жатат. Мекеме машинелер бажыдан өткөрүлбөй, көптөн бери ошол жерде турганын белгилейт.   Унаа ээлери 17-ноябрдан кечикпестен Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылышы керек. Эгер алар табылбаса, ведомство сотко кайрылат жана техника мамлекеттин менчигине өтөт.

Сосновкада жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Сосновкада жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.   Эске салсак, аба ырайынын шарттарынан улам бүгүн эртең менен аталган… Кененирээк…

МИК толук эмес арыздарды порталдан өчүрөт

Мамлекеттик ипотекалык компания 11-ноябрга чейин толук эмес арыздарды порталдан өчүрөт. Бул сайтты модернизациялоонун алкагында жасалууда.   Компания 2020-жылдын августунан бери 40 миңден ашуун жаран каттоодон өтүп, бирок өтүнмөнү аягына чыкпаганын билдирди. Бул өз кезегинде порталдын ишине тоскоолдук жаратып, тиркемелерди иштетүү ылдамдыгына таасирин тийгизет.   Программага… Кененирээк…

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 21 пайызга өстү

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 21 пайызга өстү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин бюджетке 15 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 13 миллиард сомдон аз болгон.   Бюджетке эң чоң салымды ЖОЖдордогу… Кененирээк…

Батир баасы эң кымбат Бишкектеги район аталды

Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин эң кымбаты Панфилов көчөсү менен “Спартак” стадионундагы райондо жайгашкан. “Акчабар” порталы жазгандай, аталган аймакта  турак жайдын чарчы метри 1 миң 481 долларды түзөт. Андан кийин Москва/Белинский көчөсү турат. Бул тарапта сатып алуучудан үйдүн чарчы метри үчүн 1 миң 452 доллар суралат.… Кененирээк…