Кытайда жаңы өзгөчө объект пайда болду – көлдүн так ортосунда жайгашкан музей

Кытайда жаңы өзгөчө объект пайда болду – көлдүн так ортосунда жайгашкан музей. Имарат темир бетонн каркастан жана айнектен курулду. Ал көлдүн түбү орун алып, айрым жерлери аркылуу суу дагы өтөт.   Учурда музейде шоколад экспозициясы жайгашып, көрүүчүлөргө тартууланууда. Сезон сайын андагы композициялар алмашып турат.

Бишкектин эки конушунда сейил бак пайда болот

Бишкектин эки конушунда сейил бак пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ак-Босого конушунда 2,2 гектар жерге жана Ак-Өргө конушунда 2,4 гектар жерге сейил бактары курулат.   Эс алуу аймактарында жашыл зоналар түзүлүп, бак-дарактар тигилип, отургучтар, көчө жарыгы жана таштанды челектери орнотулат.

Кыргызстанга мигранттар 2023-жылы 2 миллиард 706 миллион доллар которду

Кыргызстанга мигранттар 2023-жылы 2 миллиард 706 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. 2022-жылга салыштырмалуу, которуулар 12 пайыза аз.   Анда өлкөгө акча которуу системалары аркылуу 3 миллиард 86,5 миллион доллар которулган. Адаттагыдай эле, сумманын басымдуу бөлүгү, же 2,5 миллиард Россиядан жөнөтүлгөн.… Кененирээк…

Мигранттар үчүн өлкө аймагында 9 маалымат күркөсү иштеп жатат

Мигранттар үчүн өлкө аймагында 9 маалымат күркөсү иштеп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен аэропортторунда, темир жол бекетинде, жарандарды ишке орноштуруу борборлорунда орнотулган.   Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды… Кененирээк…

Ордо калаанын Ак-Бата кичи районунда жаңы мектеп пайда болот

Ордо калаанын Ак-Бата кичи районунда жаңы мектеп пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, билим берүү мекемеси 660 орунга чакталат.   Ошондой эле быйыл аталган кичи райондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.

Бишкекте локалдуу жылуулук электр станциялары жана от казандары курулууда

Бишкекте локалдуу жылуулук электр станциялары жана от казандары курулууда. Мындай чечимди ордо калаа мэриясы ЖЭБдеги авариядан кийин кабыл алды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.   Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып,… Кененирээк…

БШК депутат Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу жазган арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Чечимди БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Мунун алдында Боронбаев мандатын өз эрки менен тапшыруу үчүн БШКга кайрылганы белгилүү болгон. Ал эмне… Кененирээк…

Быйыл ЖККУнун үч машыгуусу Кыргызстанда өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун алкагында үч машыгуу өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириктирилген штабынын жетекчиси Андрей Сердюков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын аймагында атайын жана бирдиктүү машыгууларды өткөрүү Бириктирилген штабдын негизги тапшырмасы. «ЖККУнун жыл сайын өткөрүлчү машыгуулары эл аралык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошуп, уюмга… Кененирээк…

Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда

Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда.   Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Жыйынтыгында Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогу түзүлөт. Аталган система 1-апрелге чейин тесттик режимде иштейт. Мамлекеттик катологду түзүү жана иштеп чыгуу… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү.   Система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка өткөрүү максатында иштелип чыккан.   Аны киргизүү менен каттарды жөнөтүү жана жеткирүү убактысы кыскарды.