АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды

АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды. Жетекчилик китептерди жоготкон адамдарды мышыктардын сүрөтү үчүн кечирмей болду.   Тактап айтканда, китепкана алдында кандайдыр бир карызы бар жарандар айыпка жыгылгысы келбесе, мышыктын сүрөтүн алып келиши керек. Колго тартылган сүрөттөр дагы жарайт. Мындай акция марттын аягына чейин созулат.

“Бишкек башкы архитектура” Ала-Тоо аянтын жаңылоонун эскизин даярдап жатат

“Бишкек башкы архитектура” Ала-Тоо аянтын жаңылоонун эскизин даярдап жатат.   Долбоорго ылайык, фонтандардын негизинде жаңы суу күзгүсүн жаратуу пландалууда.   Андан тышкары, аянтты жашылдандыруу, катмарын жаңыртуу жана амфитеатр куруу каралган. Коммерциялык объектилерди, китепканаларды жана коворкинг-борборлорду жайгаштыруу үчүн өзүнчө аймак бөлүнөт. Ошондой эле, Киев көчөсүнүн Чыңгыз… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-апрелге чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы өзгөрбөйт

Кыргызстанда 1-апрелге чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы мунай ташуучуларга таянып кабарлады.   “Тышкы факторлордон улам” марттан тарта АИ-92 бензини менен дизелдин баасы 70 тыйынга көтөрүлгөнү айтылган. Мунай ташуучулар ишендиргендей, күйүүчү жана майлоочу материалдын баасы 1-апрелге чейин азыркыдай боюнча… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 миңден ашык абитуриент катышат деп күтүлүүдө

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 миңден ашык абитуриент катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Абитуриенттердин саны жыл сайын болжолдуу прогноз менен эле аныкталат. Акыркы жылдары 50 миңге чукул адам тест тапшырып атат. Бүтүрүүчүлөрдүн бары… Кененирээк…

Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү мүмкүн

Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү ыктымал. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров брифингде билдирди. Ал жылуулук борбору качан көгүлтүр отко өтөт деген суроо көп көтөрүлүп жатканына токтолгон. «2020-жылдан бери ТЭЦке газ сатуу көлөмү… Кененирээк…

Президент мектептерде 12 жылдык окуу системасына макул экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы жарыялаган мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 13-мартта өткөн жыйындын видеосунда айтылат.   Анда президент Жапаров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен 12… Кененирээк…

Лизингге алынган айыл чарба техникалары дыйкандарга тапшырылды

  Бүгүн, 14-мартта мамлекеттик лизинг программасынын алкагында алынган айыл чарба техникалары дыйкандарга тапшырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.   Министрликтин маалыматына караганда, 2023-жылы 4 млрд 300 млн сомго 1155 техника берилген. Ушул жылдын эки айында 1 млрд… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.   Жарандарга жеңил конструкциялардын, курулуштардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды бак-дарактардын алдына токтотуу кооптуу болуп эсептелет.

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу иштен алынды

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу иштен алынды. Дагы 18 айдоочу сый акыдан ажыратылды, — деп билдиришти мэриядан.   Мындай чечимди “Бишкек шаардык жүргүнчү ташуучу транспорт ишканасынын” ички комиссиясы кабыл алды. Мэриядан белгилешкендей, учурда жол кырсыктарын алдын алуу максатында коомдук транспорттун айдоочулары… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Эгер ушул учурда жетишпей калгандар болсо, анда кошумча каттоо болот. Майдын 17синен 24үнө чейин тест болот… Кененирээк…