Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод ишке кирди.   Ал азырынча тесттик режимде ачылды, толук кандуу ушул жылдын аягында иштеп баштай турганын министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ишанада учурда 200 адам жумуш менен камсыздалды. Бир саатта 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилет. Долбоорго 19… Кененирээк…

Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт

Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, нөлүнчү класстарды даярдаган кадрлар жетиштүү.   Анын ордуна окутуу стандарттары өзгөртүлөт, алсак, көбүрөөк каражат китептерди сатып алууга жана класстарды адистештирүүгө багытталат.   Министр кошумчалагандай, буга чейин өлкөдө 3-4… Кененирээк…

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү кайра эсептелди

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлдү.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу башталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу Баткенде 25-мартта башталганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты. Жолугушуу бир аптага созулмакчы. Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы боюнча мунаса… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду

WhatsApp мессенджеринде видеону түрдүрүү функциясы пайда болду. Бул үчүн экрандын четин эки ирет басуу керек. Бирок опция бардык колдонуучуларга жеткиликтүү эмес.   Жаңы функция менен iOS базасындагы смартфон ээлери колдонсо болот. Ал эми башка колдонуучуларга ал жакынкы арада жеткиликтүү болушу күтүлүүдө.

Оштун  Мээркан айылында жаңы мектеп курулууда

Оштун  Мээркан айылында жаңы мектеп курулууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, имарат №34 мектептин жаңы корпусу катары ачылат.   Ал  225 орундуу болуп, спорт зал, ашкана, откана жана суу сактоочу кампа каралган.

Мамлекеттик салык кызматы 45 миңден ашык электрондук кол тамга берди

Мамлекеттик салык кызматы 45 миңден ашык электрондук кол тамга берди.   Алардын басымдуусун юридикалык жактар алган. Ведомстводон белгилешкендей, электрондук кол тамга акысыз берилет жана аны алуу бир нече мүнөттү гана талап кылат.   Аны алыш үчүн каалаган аймактык салык органына кайрылуу керек. Эске салсак, электрондук… Кененирээк…

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтер 28-мартка чейин кабыл алынат

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтер 28-мартка чейин кабыл алынат.   Бул тууралуу Боршайком эскертет. Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат.  28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.   Эске салсак, аталган… Кененирээк…

Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн

Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, атайын эксперттик топ түзүлүп, нөлүнчү, биринчи класстын программаларын салыштырып жатат. Программада кайталанган учурлар болсо, биринчи класстын окуучулары экинчи класска которулушу керек.   Күтүлгөндөй,… Кененирээк…

Кара-Сууда 8 даана жаңы трансформатор орнотулат

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинде 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү максатында ремонттук иштер аткарылып жатат.   Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, учурда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Стант айылында ТП-1012 трансфоматор утурумдук оңдоодон өткөрүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү утурумдук, капиталдык… Кененирээк…