Футбол боюнча эл аралык федерация өткөн жылдын мыкты дарбазачысын аныктады

Футбол боюнча эл аралык федерация өткөн жылдын мыкты дарбазачысын аныктады.   Наам бразилиялык голкипер Эдерсон Мораеске тапшырылды. Өткөн сезондо ал “Манчестер Ситинин” курамында – Премьер-лиганы, Чемпиондор лигасын жана Азия кубогун багындырды.   Андан тышкары, бул сыйлыкка марокколук дарбазачы Ясин Буну жана бельгиялык Тибо Куртуа дагы… Кененирээк…

Өткөн жылы 8,5 мин кыргызстандык кесиптик окутуудан өттү

Өткөн жылы 8,5 мин кыргызстандык кесиптик окутуудан өттү. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, алардын 62 пайызы ийгиликтүү ишке орношо алды.   Окутуу соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач-тарач, маникюр чебери, котормочу, бухгалтер, айдоочу жана башка актуалдуу кесиптер боюнча жүргүзүлгөн.

Бишкектин четинде тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө

Бишкектин четинде тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, Абадан коргонуу күчтөрүнүн айрым кызматтык жактары убактылуу ээлеген кызматынан бошотулду.   Ведомстводон белгилешкендей, бул адилеттүү иликтөө үчүн кабыл алынган чара. Эске салсак, окутуу-машыгуу учурунда бүгүн аскердик тик учак кыйрады. Андагы 10 адам жабыркап,… Кененирээк…

Нарында кар көчкү мал-жандыкты басып калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 16-январда, саат 17:00 чамасында Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжолдуу 5000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды көчкү алдында калган. Мындан тышкары кыштоого каттоочу жол… Кененирээк…

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 72 куткаруучу тартылды

Бүгүн, 17-январда саат 12:30га карата Аламүдүн коктусунда жоголгон адамды издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси А.Асанов, маалымат кызматы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун дрон кызматынан А. Картайганов жетектеген ыкчам топ чыгышты.   Мындан сырткары,… Кененирээк…

Кыргызстан өткөн жылы дээрлик 560 миллион литр бензин импорттоду

Кыргызстан өткөн жылы дээрлик 560 миллион литр бензин импорттоду. Январдан ноябрь айына чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Күйүүчү-майлоочу материалдын жалпы баасы 247 миллион долларды түзөт.   Отундун басымдуу бөлүгү Россиядан импорттолот. Андан тышкары, бензин Казакстан, Армения, Беларустан ташылат.   Кошумчалап кетсек, 2022-жылдын ушул… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр каржы пирамидасынан 350дөн ашык адам жабыркаган

Кыргызстанда былтыркы жыл ичинде жалпы 350дөн ашык адам жабыркаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган. «Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 5 туристтик маалыматтык борбордун курулушу башталды

Ысык-Көлдө 5 туристтик маалыматтык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлү Дамир Жумаканов билдирди. Анын айтымында, алар Балыкчы шаарында жана Түп, ак-Суу, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында жайгашат.   Эс алуучулар бул борборлордон чай-кофе ичип, телефондорун кубаттап, туристтик багыттар боюнча керектүү маалыматты алса болот.… Кененирээк…

Бишкектин Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп Уланбек Бейшенбаев дайындалды

Бишкектин Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп Уланбек Бейшенбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.   Ал эми департаменттин буга чейинки директору Улан Уезбаев берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргызстанга өтүп кеткен жылы 150 миңден ашык унаа импорттолду

Кыргызстанга өтүп кеткен жылы 150 миңден ашык унаа импорттолду.   Январь айынан ноябрга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ташылган транспорттун жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашат.   Унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай, Түштүк Корея, Россия, АКШ, Япония жана Германиядан келген. Кошумчалап кетсек, 2022-жылдын ушул… Кененирээк…