Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Өз сөзүндө, Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.   “Жабдуулар, линиялар – баары эскирди,… Кененирээк…

Оштон Жидда шаарына түз аба каттамы ачылат

Оштон Жидда шаарына түз аба каттамы ачылат. Сауд арабиялык лоукостер аталган багыт боюнча рейстерди үстүбуздөгү жылдын 21-августунда аткарып баштайт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, каттам жумасына  3 жолу аткарылат.   Белгилеп кетүүчү нерсе, Ош менен Жидда шаарларынын ортосунда түз аба каттамы биринчи ирет ачылып… Кененирээк…

Түп районунун Кең-Суу айылында мектептин эски имараты оңдолот

Түп районунун Кең-Суу айылында мектептин эски имараты оңдолот. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы билим берүү мекемесин калыбына келтирүүгө тендерди Ысык-Көл облустук курулуш департаменти жарыялады.   Ремонттук иштерге 45 миллион сомдон ашык каралды. Жумуштар жаңы окуу жылынын башталышына карата аякташы керек.

Бишкекте Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери соңуна чыгып калды

Бишкекте Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.   Учурга карата асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Андан кийин жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлүп, тротуар көрктөндүрүлөт.

Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал онлайн форматта жүргүзүлүп,  30-августка чейин созулат.   Эреже боюнча лицейлерге мектептин 9-классын же  11-классын аяктаган окуучулар кабыл алынат. Процедуранын жол жобосу боюнча толук маалымат ведомствонун сайтында жеткиликтүү.

Мамлекеттик салык кызматы 190 үй шартындагы бала бакчанын ээлерин жеке ишкерликке үйрөттү

Мамлекеттик салык кызматы 190 үй шартындагы бала бакчанын ээлерин жеке ишкерликке үйрөттү. Иштер “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкаында жүргүзүлүп, калк арасында салыктык сабаттуулукту жогорулатууга багытталат.   Долбоордун катышуучулар салыктар жана башка мамлекеттик кызматтар боюнча курстардан өттү. Эске салсак, үй шартында бала бакча ачууну каалагандар атайын окутуудан… Кененирээк…

Кыргызстанда вакциналарды сактоого 8 кампа курулат

Кыргызстанда вакциналарды сактоого 8 кампа курулат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алар Токтогул, Ала-Бука, Араван райондорунда жана Бишкек, Жалал-Абад, Кербен шаарларында жайгашат.   Андан тышкары, медициналык жайларга 50 муздатуучу камера, 50 термоконтейнер алынат. Кошумчаласак, бул иштер Дүйнөлүк банк каржылаган “Covid-19га чукул чара көрүү” долбоорунун… Кененирээк…

Ордо калаада дагы бир скважина пайда болот

Ордо калаада дагы бир скважина пайда болот. “Бишкек суу чарбачылыгы”муниципалдык ишканасы пландалган 6 скважинанын экинчисин бургулап баштады. Анын тереңдиги 200 метр болсо, кубаттуулугу секундасына  65 кубометр сууга барабар.   Эске салсак, буга чейин мэрия билдиргендей, скважиналар Профсоюз – Нарвская, Лев Толстой – Логвиненко, Жайыл Баатыр… Кененирээк…

Нидерландыда окуучуларга мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынат

Нидерландыда окуучуларга мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынат. Смартфондор бир гана медициналык көрсөтмөлөр боюнча колдонулушу мүмкүн деген эреже киргизилет.   Жаңы талаптар кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Чиновниктердин пикиринде уюлдук телефондор окуучуларды алаксытып, тоскоолдук жаратат.

Бишкекте Керчен тар көчөсү ондоо иштерине жабылат

Бишкекте Керчен тар көчөсү ондоо иштерине жабылат.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Элебесов көчөсүнөн Дачная конушуна чейинки тилкеси калыбына келтирилет. Бул жерде ирригациялык тармак өткөрүлүп, асфальттын жаңы катмары төшөлөт.