Бишкек электр тармактар ишканасына жаӊы директор дайындалды

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору болуп Азамат Паизов дайындалды.   Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азамат Паизовду ишкананын жамаатына менен тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.   Ал эми Азамат Паизов ишеним үчүн… Кененирээк…

Ош – Тамчы – Ош аба каттамы бүгүн кое берилди

Ош – Тамчы – Ош аба каттамы бүгүн кое берилди. “Манас” эл аралык аэропорттун маалыматына ылайык, аталган багыт боюнча рейстер ата-мекендик авиа компания тарабынан жумасына 6 ирет аткарылат.   Каттам туристтик болуп, 31-августка чейин жеткиликтүү болот.

Кыргызстандын 5 миңден ашык жараны Швеция, Франция жана Литвада иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кыргызстандын 5 миңден ашык жараны Швеция, Франция жана Литвада иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Жарандарды ишке орноштуруу борбору жеке компания менен келишим түздү.   Бүгүнкү күндө курулуш адистерине жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арыз берилди.   Ведомстводон белгилешкендей, жыл башынан бери Жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борбору… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров бүгүн курулушка старт берген капсула салды. Өлкө башчы белгилегендей, шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын жогорулатып, каржылык хабка айланат.   Асман шаары көлдүн түндүк тарабында, Чырпыкты менен Тамчы айылдарынын ортосунда пайда болот.   Ири долбоорду ишке ашырууга … Кененирээк…

Нарын шаарында милициянын аймактык жаңы бөлүмү ачылды

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын аймактык, заманбап пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Борбордук аянттагы милициянын аймактык бул жайында чет элдик туристтерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттарды түзүүгө… Кененирээк…

Россия өзүнүн ЖОЖдоруна окуганга 1000 кыргызстандыкка квота берди

 Россия өкмөтү РФтин жогорку окуу жайларында билим ала турган кыргызстандыктар үчүн дагы кошумча квота карады. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди. Буга чейин алдыдагы окуу жылында 700 орун бөлүнгөнү кабарланган, андан кийин квотаны 1000ге жеткирүү боюнча сөз болгон. «Россия өкмөтү өзүнүн… Кененирээк…

Бүгүн Асман шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземинде коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Бүгүн Асман шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземинде коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан тышкары, 200 инспектор Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки трассада жол кыймылынын коопсуздугун сактап жатат. Белгилеп кетсек, бүгүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты… Кененирээк…

Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп аталды

Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп аталды. Мындай изилдөөнү Mercer эл аралык консалтинг компаниясы жүргүзгөн. Эң кымбат шаарлардын сап башына Гонконг чыкты.   Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Сингапур жана Цюрих кирет. Рейтингде Бишкек 224-орунда турат. Тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар,… Кененирээк…

Кыргызстанда рублдун курсу кайрадан 1 сомдон төмөн түшүп кетти

Кыргызстанда рублдун курсу кайрадан 1 сомдон төмөн түшүп кетти. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар россиялык валютаны 98 тыйынга сатып алып, кайра 1 сом 4 тыйынга сатышууда.   Ал эми Улуттук банк расмий курсту 1 сом 1 тыйын деп орнотту. Эске… Кененирээк…

АКШда турист 1 миллион 300 миң долларды аэропорттон утуп алды

АКШда турист 1 миллион 300 миң долларды аэропорттон утуп алды. Саякатчы Лас-Вегас шаарындагы аэропорттун ичинде орнотулган слот автоматтарында ойноп көрүүнү чечкен.   Жыйынтыгында ал джекпотко ээ болду. Бактылуу эркектин айтымында, Лас-Вегастагы эс алуунун аягында мындай утуш ага чындыгында керек болчу.