Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандан коңшу өлкөгө чыгып кетүү үчүн кезекте 140 фура турса, ал эми казак тараптан биздин аймакка келчү 40 унаа турат.   Ведомстводон белгилешкендей, мындай абал күзгү сезонго карата кадимки… Кененирээк…

Бишкекте 1-октябрга чейин күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча бардык иштер аткарылып бүтөт

Бишкекте 1-октябрга чейин күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча бардык иштер аткарылып бүтөт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.   Анын айтымында, 74 буу казанда даярдык иштер соңуна чыгып калды, 22си альтарнативалык отунга өткөрүлдү. Андан тышкары, шаарда  8 көмүр базасы иштеп жатат, аларда жалпысынан 3… Кененирээк…

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт. Мэриядан билдиришкендей, мындай чечим шаар кызматтарынын жеринде өткөн кеңешмесинде ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.   Тилкеге жакынкы арада тиешелүү жол белгилери орнотулат.

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин 85 миң унаа импорттолду

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин 85 миң унаа импорттолду.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, дээрлик 3,5 эсе көп.   Жалпы импорттун баасы 1 миллиард доллардан ашат. Кыргызстанга 58 мамлекеттен унаа ташууга уруксат берилет, бирок басымдуусу Түштүк… Кененирээк…

Нарында бетон мамыларын өндүрүү боюнча завод курулууда

Нарында бетон мамыларын өндүрүү боюнча завод курулууда. Энергетика министрри Таалайбек Ибраевдин айтымында, объект кийинки жылдын апрель айында ишке кирет деп пландалып жатат.   Чиновник белгилегендей, Кыргызстан адатта бетон мамыларды башка өлкөлөрдүн заводдорунан сатып алчу.

Бишкекте айрым абоненттер үчүн ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтер кымбаттайт

Бишкекте айрым абоненттер үчүн ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтер кымбаттайт. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Ага ылайык, эми бюджеттик уюмдарга, өнөр жай ишканаларына тарифтер азыркыдай  «өткөн жылдын тарифи + инфляция» схемасы менен эмес, жылуулуктун өздүк баасы чыгарылып эсептелет.   Учурдагы тариф… Кененирээк…

Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн

Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.   Ал белгилегендей, өлкөдө жалпысынан 762 миң пенсионер бар болсо, анын 100 миңге жакыны жашоо минимуму болгон 6 миң 813 сомдон аз пенсия алат. Учурда мыйзам даярдалып… Кененирээк…

Бишкекте эртең футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалы өтөт

Бишкекте эртең футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалы өтөт.   Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат. Башкы кубок үчүн азыркы чемпион “Абдыш-Ата” менен премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” топ талашат.

“Социалдык келишим” долбоорун алган 10 миң катышуучунун 95 пайызын аялдар түзөт

“Социалдык келишим” долбоорун алган 10 миң катышуучунун 95 пайызын аялдар түзөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минитрлигинен билдиришкендей, кыргызстандык кыз-келиндер айыл чарба, тигүү, азык-түлүк тармактарында чакан ишкерлик ачууда.   Айрымдары соода жана кызмат көрсөтүү тармактарын тандаган.   Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун ийгилигинин сыры – анын катышуучуларын… Кененирээк…

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унааларды токтотууга тыюу салынышы мүмкүн

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унааларды токтотууга тыюу салынышы мүмкүн. novosti.kgге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, кеп Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрү тууралуу болуп жатат.   Учурда ордо калаа бийлиги атайын жол белгилерди даярдоо, орнотуу жана жол чийиндерин түшүрүү иштерин… Кененирээк…