КМШ саммитинде жыйырма чакты документке кол коюлду

13-октябрда Бишкекте өткөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги саммитинде жыйырма чакты документ кабыл алынды.   Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү, санарип технологиялар тармагындагы мамлекеттик башкаруу системасын шайкештөө, көп полярдуу дүйнөдөгү мамлекет аралык мамилелер, жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон… Кененирээк…

Бишкек мэриясы дээрлик 15 млн сомго тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы “А” классындагы тез жардам унааларын сатып алат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендердин пландалган суммасы — 14 млн 693 миң 635,5 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 27-декабрга чейин тапшыруу зарыл. 3 тез жардам унаасы сатып алынмакчы.

Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кылат

Владимир Путин Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кыларын айтып, анын алкагында Шериктештикке кирген өлкө элдеринин жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасаларын белгиледи. Ал уюмга төрагалык кылуу учурунда Россия кандай артыкчылыктарга басым жасарын айткан. Россия КМШны интеграциялык бирикме катары аброюн мындан ары чыңдоо жана Шериктештиктин алкагында кызматташуу, ишеним,… Кененирээк…

Канадада дүкөндүн камерасына өзгөчө ууру түшүп калды

Канадада дүкөндүн камерасына өзгөчө ууру түшүп калды. Анда кара аю маркетке кирип, шоколад менен текчелердин арасынан өтүп, аю мармеладдарын алып чыкканын көрсө болот.   Дүкөндү жаныбар тоноп жатканда сатуучу жайбаракат кофе ичип, эч нерсе көргөн эмес. Анын айтымында, аю жырткычтык көрсөткөн жок, бирок анын кирип… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылдын 1-январынан тарта физикалык жактарга соода ишмердүүлүгүн патент менен жүргүзүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда кийинки жылдын 1-январынан тарта физикалык жактарга соода ишмердүүлүгүн патент менен жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Экономика министрлиги эскертет.   Патенттин ордуна соодагерлер жалпы салык режимин же бирдиктүү салыктын негизиндеги атайын режимди тандашы керек болот. Ал эми калк менен эсептешүү жүргүзүүдө кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу милдеттүү… Кененирээк…

Жакынкы бир саатта Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан келген ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр… Кененирээк…

АКШ тургуну лотереядан 1 миллиард 76 миллион доллар утуп алды

АКШ тургуну лотереядан 1 миллиард 76 миллион доллар утуп алды. Бул өлкө тарыхындагы эң ири утуштардын экинчиси болуп калды.   Эми бактылуу жаран акчаны кандай жол менен ала турганын чечиши керек – же 774 миллион долларды дароо алып кетсе болот, же толук сумманы 29 жылда… Кененирээк…

Кыргызстанда Ала-Көлгө барчу популярдуу жолго белгилер коюлду

Кыргызстанда Ала-Көлгө барчу популярдуу жолго белгилер коюлду. Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, бул жерде тиешелүү маалымат менен тактайлар орнотулду.   Жол Каракол, Алтын-Арашан жана Келдике капчыгайларын бириктирип, Ала-Көл көлүнө алып барат. Ал аркылуу күнүнө жүздөгөн чет элдик турист өтөт. Жалпы узундугу 40 чакырымга жетет.… Кененирээк…

Төө-Ашууда кар жаап жатат

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бишкек – Ош трассасы менен сапарга чыга турган айдоочуларга сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.   Ошондой эле бул багытта жолго чыккандар аварияларды алдын алуу максатында эрежелерди так сактап, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты карманышы керек.

Бишкекте жеткиликтүү баада көмүр сатылып баштады

Бишкекте жеткиликтүү баада көмүр сатылып баштады.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкананын Дэн Сяопин, 306 дарегиндеги кампада кара отун тоннасына 4 миң 700 сомдон сатылууда.   Учурга карата анда  800 тонна көмүр бар. Жакынкы күндөрү Мурманск, 126, Алыкулов 6, Алмата-айланма жол кесилишинде жана Курманалиев көчөсүндөгы… Кененирээк…