Ала-Букада 90 орундуу бала бакча ачылды

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 90 орундуу балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,5 млн сом бөлүнгөн.   Анда бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанаттар Ошто өтөт

Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанаттар Ош шаарында өтөт.   Маданият министрлиги Novosti.kgге билдиргендей, программа жети локацияны камтыйт. Анын ичинде шаардын башкы аянты, ипподром жана Сулайман-Тоо бар.   Ошондой эле мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар пландалууда.   Мындан тышкары, шаардын бардык… Кененирээк…

Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды

Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды, деп билдирди муниципалитеттин маалымат кызматы.   Ага ылайык, аталган конуштагы 104, 105, 115, 116 көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 49 даана светодиоддук чырак орнотуп, 3000 метрге жакын изоляцияланган зым тартышты.

ЖКККББ балдарга жолдо жүрүү эрежелерин эскертүүгө чакырат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жаңы окуу жылынын алдында ата-энелерди балдарына жолдо жүрүү эрежелерин эскертүүгө чакырат.   Айрыкча, 1-класстын босогосун аттап жаткан окуучуларга үйдөн чыккандан тарта, мектепке чейинки аралыктагы жол чырактарды, жол белгилерди, жөө өтмөктөрдү көрсөтүп, үйдөн мектепке чейинки аралыктагы маршруттук чийинди жаттатып, көчөдө бара… Кененирээк…

Бишкек-Сокулук айланма жолунун курулушуна тендер жарыяланды

Жол чарба департаменти Бишкек-Сокулук айланма жолунун курулушуна тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.   Тендердин баасы 1 миллиард сомдон ашат. Бул каражатка Бишкектин Кустанай көчөсүнөн Сокулук райондук МАИ постуна чейин Профсоюзная көчөсүн бойлой айланма жол куруу пландалууда. Трассанын узундугу 8,5 чакырымды түзөт.

Кытайда “Кыргыз почтасы” ишканасынын филиалы ачылды

Кытайдын Кашкар шаарында “Кыргыз почтасы” ишканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Эми кыргызстандыктар Кытайдан товарларды түз буйрутма кыла алышат.   Жаңы өкүлчүлүк өлкөдө электрондук сооданы өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле логистика жана товарды жеткирүү сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.   Келечекте почта… Кененирээк…

Жаратылыш министринин жаңы эки орун басары дайындалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин эки жаңы орун басары дайындалды.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Маметов Медетбек Раимбердиевич жаратылыш министринин биринчи орун басары, Раимкулова Асель Кадыржановна орун басары болуп дайындалды.   Белгиленгендей, тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бишкекке жылуулук качан берилет?

Ордо калаага жылуулук орточо температура 5 күн катары менен 8 градустан төмөн болгондо бериле баштайт. Novosti.kgге Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдиргендей, бул болжол менен октябрь айынын аягы, ноябрдын башына туура келет. Учурда күз-кыш мезгилине карата ЖЭБди оңдоо иштери жүрүп жатат.  … Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи газга өткөрүү боюнча техникалык жактан даяр

Бишкек ЖЭБи газга өткөрүү боюнча техникалык жактан даяр. Учурда “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен көгүлтүр оттун көлөмүн, баасын аныктоо иштери жүрүп жатканын Novosti.kgге ТЭЦтин башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдирди:   «Газга өткөндө абдан көп каражат сарпталат. Баасын “Газпром” ишканасы доллардын курсуна жараша бычат. Бирок бара-бара газга… Кененирээк…

Быйыл Бишкек ЖЭБине 1 миллион 200 миң тонна көмүр керектелет

Быйылкы күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1 миллион 200 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Novosti.kgге ордо калаанын жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдирди.   “Негизи келишимдин баары түзүлгөн. Учурда импорттук шабыркүл көмүрү 50 миң тоннага жакын келип түштү. Кара-Кеченики болсо сентябрдан баштап келет.… Кененирээк…