Кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тайырбек Жумашбек уулу жана Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.   61 кг чейинки салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу 1\4 финалдык баскычтан баштады. Түндүк Кореялык Ким Чои Рини 5:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык… Кененирээк…

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды. Биринчи орунда Испания турат. Бул жерде улгайган жарандарга мамлекет тарабынан 3 миң 800 доллар берилет. Экинчи орунда АКШ 3 миң 600 доллар пенсиясы менен жайгашат.   Лидерлердин үчилтигин Германия бекитет, бул өлкөдө эң жогорку пенсия 2 миң 600 долларга… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт.   15-апрелден 19уна чейин көгүлтүр от Фучик, Профсоюз, Патрис Лумумба, Лев Толстой, Матыев көчөлөрүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жок болот.   Убактылуу чектөөлөр Бакаев көчөсүнүн курулушуна байланыштуу.

Нарын облусунун Жалгыз-Терек айылында таза суу көйгөйү чечилди

Нарындын 1 245 адам жашаган Жалгыз-Терек айылында таза суу үйлөргө чейин киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, аталган айылда таза суу көйгөй жаратып келген. Буга чейин тургундар убакыт-сааты менен иштеген водопроводдон суу алып келишкен. «Долбоордун алкагында скважина бургуланып, суу топтоочу мунара курулду. Ошондой… Кененирээк…

Биринчи класска дээрлик 29 миң бала катталды

Биринчи класска дээрлик 29 миң бала катталды. 11-апрелге карата маалымат менен Билим берүү министрлиги бөлүштү. Эң көп Жалал-Абад облусунда каттоого алынды – 5 миң 133 бала, Ошто эң аз – 699. Бишкекте 3 мектепте орун калган жок — №26, №70 жана №29 гимназиялар.   Эске… Кененирээк…

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.   Анын айтымында, Баракта 980 киши жашайт жана  97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп… Кененирээк…

Бишкекте санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы компаниялар жана жеке адамдар тарабынан санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жеринде протоколдор түзүлүп, эскертүү иретинде бардык чарбалык субъекттерге жакшыртуу эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо боюнча эскертүүлөр берилет. Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардын тизмесинде төмөнкү… Кененирээк…

Бүгүн кечинде Бишкекте айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

Бишкекте 12-апрелде айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Ага ылайык, саат 19:00дөн тартып №11 жана №17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мындан тышкары, №10 троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл «Фрунзе» заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт. Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр «Асанбай» бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин… Кененирээк…

Бишкекте мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартыды.   Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды.   «Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт

2024-жылы жамааттык күчтөр менен биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча алгачкы штабдык сүйлөшүүлөр ЖККУнун штабында өттү. Уюмдун маалымат кызматы билдиргендей, 2024-жылы төмөнкүлөр пландаштырылууда: Кыргызстан — «Биргелешкен аракет-2024», «Издөө-2024» жана «Эшелон-2024» машыгуулары; Казакстан — «Бузулгус бир туугандык-2024»; Тажикстан — «Рубеж-2024».