Кыргызстан менен Казакстан продукцияны импорттоого чектөө салбоого макулдашты

Кыргызстан менен Казакстан продукцияны импорттоого чектөө жана тыюу салбоого макулдашты. Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар мыйзамсыз сертификаттарды берүүнүн алдын алууга багытталган чараларды биргелешип ишке ашырууну чечишти. Тактап айтканда, документтерди берүү процесси санариптештирилип, мыйзам бузуучулар сертификаттоо органдарынын бирдиктүү реестринен чыгарылат.   Экономика министрлиги ошондой эле 20-марттан тарта… Кененирээк…

Жалал-Абадда жеңил жүк ташуучу унаа чогулткан завод курулат

Жалал-Абадда жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, документке кытайлык компания менен жетишилди.   Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун болжолдуу наркы 4 млн долларды түзөт. Жумуштар апрелдин ортосунда башталат деп… Кененирээк…

Баскетбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Баскетбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Иш-чарага Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттун-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана баскетбол федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.   Жеңүүчүлөргө диплом жана… Кененирээк…

Кубанычбек Асанов Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды

Нарын облусунун прокурору болуп Кубанычбек Асанов дайындалды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы жетекчи бүгүн облус активине тааныштырылып, кызматына киришти.   Асанов Кубанычбек Жаанбаевич 1986-жылы 8-майда Ош шаарында туулган.   2011-2013-жылдары Нарын шаарынын прокуратурасында; 2013-2017-жылдары Нарын облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерликти колдоого 6 млрд 250 млн сомдой насыя берилди

Кыргызстанда ишкерликти колдоого 6 млрд 250 млн сомдой насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   «Микро, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо» долбоорунун алкагында пайызсыз насыяны 9 миң 288 ишкер алды. Бул долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.   Маалыматта үстөк пайызсыз насыянын кайтаруу… Кененирээк…

Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам жанданат

Ушул жылдын 25-майынан тарта Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, Сочиге каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо

Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо. Бул тууралуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.   Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, бүгүнкү күнгө чейин “Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр” филиалынын бардык отканаларында жылуулук берүү токтотулду. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө 35 жаштагы аял үч эм төрөдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул анын төртүнчү төрөтү.   Маалыматка ылайык, ымыркайлардын бирөө кыз, экөө эркек.   Учурда эне менен балдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды.

Жеке медициналык мекемелерде томографиянын баасы төмөндөтүлдү

Кыргызстанда жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. УКМКдан билдиришкендей, мындай чечим менчик медициналык мекемелердин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.   Натыйжада, томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20%га чейин түшүрүү макулдашылды. Эске салсак, буга чейин медициналык лабораториялар бааны 30 пайызга чейин арзандатканы кабарланган.