Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева Азия чемпиону болду
Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева кадеттер арасында Азия чемпиону болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлады. 15-17 жаштагы дзюдочулар арасындагы мелдеш Ташкент шаарында өткөн. Жанар килемге 57 килограмм салмакта чыгып, чейрек финалда ирандык, жарым финалда кытайлык, ал эми чечүүчү кармашта өзбекстандык спортчуну уткан.