“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кийинкиге жылдырылды

Кинематографиядагы жетишкендиги үчүн ыйгарыла турган “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кийинкиге жылдырылды. Иш-чара алгач ушул жылдын 18-ноябрына белгиленген.   Жаңы дата 2024-жылдын 9-январына жылды.   Голливудда актёрлор жана сценаристтердин иш таштоосу уланып жаткандыктан бул аземди быйыл өткөрүү мүмкүн эмес болууда.   Кошумчаласак, сыйлыктарды актриса Анжела Бассетт,… Кененирээк…

Гүлшат Асылбаева Антимонополияга жетекчи болду

Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп дайындалды   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кыргызстанда инфляция басаңдады – Улуттук банк

Кыргызстанда жылдык инфляциянын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрында жылдык инфляция 14,7%ды түзсө, 2023-жылдын 25-августунда инфляция жылдык мааниде 9,6 пайызды түзгөн.   «Ошону менен бирге, керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарларына,… Кененирээк…

Роналду «Алтын топко» талапкерлердин тизмесине кирбей калды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду «Алтын топко» талапкерлердин тизмесине кирбей калды. Бул 19 жылдан бери биринчи жолу болду.   Быйылкы сезондо сыйлыкка 30дан ашык оюнчу талапкер болууда. Алардын арасында Лионель Месси, Лука Модрич, Килиан Мбаппе, Эрлинг Холанд жана башкалар бар.   «Алтын топтун» ээси 30-октябрда белгилүү… Кененирээк…

Жети айда Салык кызматы 158 миллиард сомдон ашык чогултту

Ушул жылдын январь айынан августуна чейин Салык кызматы тарабынан 158 миллиард сомдон ашык чогултулду. Ведомстводон билдиришкендей, каражаттын бир бөлүгүн салыктар жана төлөмдөр, калганын камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.   Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 26 млрд сомго көп. Мамлекеттик салык кызматы пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууда ККМ,… Кененирээк…

Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды. Мурдагы министр Гүлнара Баатырова эмгек министрлигинин убактылуу жетекчиси болду. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан. Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул… Кененирээк…

Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, министр тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде иштен алынды.   Каныбек Иманалиев бул кызматка быйыл март айында… Кененирээк…

Сузак районунда миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болду

Сузак районунда 1 миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болду. Бул Көк-Арт айыл өкмөтүндө оңдолгон ирригациялык каналдын аркасында мүмкүн болду.   Куруучулар эки километрден ашык тармакты ремонттоп, 400дөн ашык жаңы лотокторду орнотушту.

Министрлер кабинети базар жана кичи базарлардын ишине талаптарды бекитти

Министрлер кабинети базар жана кичи базарлардын ишине талаптарды бекитти.   Документте ошондой эле объекттерди реестрге киргизүү, салыктык жеңилдиктерди алуу эрежелери да жазылган.   ске салсак, Салык кодексине ылайык, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы бар. Базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкерлер үчүн бул көрсөткүч… Кененирээк…

Швейцария жылдын мыкты өлкөсү деп аталды

Швейцария жылдын мыкты өлкөсү деп аталды. Блумберг жазгандай, рейтинг түзүүдө жашоо шартынын деңгээли, ички дүң өндүрүмү жана башка критерийлер эске алынган.   Изилдөөлөр боюнча, Швейцарияда жумушсуздук дээрлик жокко эсе, кызматкерлер жогорку квалификациялуу. Ал эми ички дүң өндүрүмүнүн көрсөткүчү дүйнөдөгү эң мыктылардын бири – киши башына… Кененирээк…