Бишкектин Фучик көчөсүндө жаңы тротуар төшөлдү

Бишкектин Фучик көчөсүнн батыш тарабына Рыскулов көчөсүнөн Газпромдун кеңсесине чейин жаңы тротуар төшөлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, 2300 метрге бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп, тротуарга ысык асфальт басылды. Бул аймакта кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер, курулуш аянтчасынын астына кулаган бак-дарактар болгон. Азыр тоскоолдуктар жоюлуп, иш 100 пайыз аяктады.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. 2-октябрдан 4-октябрга чейин көгүлтүр от Фрунзе, Сүйүмбаев, Огонбаев жана Ибраимов көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр жылуулук сезонуна карата даярдык көрүү иштерине байланыштуу.

Экономика жана коммерция министрлиги алдында “Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлиги алдында “Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.   Министрлер кабинетинин токтомунда жазылгандай, мекеме экспортту өнүктүрүү, алдыга жылдыруу боюнча функцияларды аткаруу потенциалды жогорулатуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык жөндөмүн өстүрүү максатында түзүлдү.

Германиялык компания Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курат

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. андын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин, өлкөдө курулуш катуу болуп турганда, бул тармак өзгөчө актуалдуу болуп саналарын айтты.… Кененирээк…

Президент Жапаровдун Германияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына (Германия) болгон иш сапары аяктады.   Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган «Жаш Манасчы» жаңы айкелин көрүп чыкты. Ошондой эле Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын… Кененирээк…

Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды

Өлкөдө октябрь айында аялдар профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жарыяланды. «Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат. Демек, аялдардын… Кененирээк…