Лондондо миллиардерлердин үй-бүлөсү иттери үчүн жардамчы издеп жатат

Лондондо миллиардерлердин үй-бүлөсү иттери үчүн жардамчы издеп жатат.   Жарыяда жазылгандай, ит карай турган кызматкер жароокер болуп, болгон көңүлүн жаныбарларга арнашы керек.   Анын жылдык маянасы 127 миң долларды түзөт. Бирок ит багуучу бүтүндөй убактысын жумушка арнашы керек, ага эс алуу жана майрамдык кечтерде дем… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү 1 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү 1 күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” түйүндөрү эртең, 22-июнда жабык болот.   Бул Кытайдын элдик майрамына байланыштуу кабыл алынган чара. Транспорт каражаттарын жана жүктү өткөрүү  23-июнда жанданат.

Кыргызстанда өлкөнүн мыкты мектептеринин рейтинги түзүлдү

Кыргызстанда өлкөнүн мыкты мектептеринин рейтинги түзүлдү. Билим берүү министрлиги аны аныктоо үчүн көз карандысыз калыстар тобун түзгөн.   Комиссия биринчи кезекте мугалимдердин тажрыйбасын, коллективдин билим берүү жана башкаруу жөндөмүн жана окуучулардын жетишкен ийгиликтерин баалады.   Жыйынтыгында, эң мыкты мектеп деген наамга Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң… Кененирээк…

Кыргызстан, Казакстан жана Орусия жарандардын жеке маалыматы менен бөлүшүп турмай болушту

Кыргызстан Казакстан жана Россия менен жарандардын жеке маалыматын ич ара бөлүшүп туруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга… Кененирээк…

Дүйнөдө эң кымбат товар жана кызматтары менен шаарлар аталды

Дүйнөдө эң кымбат товар жана кызматтары менен шаарлар аталды. Биринчи орунда Сингапур жайгашат.   Аналитиктердин айтымында, бул шаар-мамлекет кымбат жашоо деңгээли, кыймылсыз мүлккө болгон жогорку суроо-талабы жана салыктары менен биринчиликти алды. Экинчи орунда – Шанхай турса,  үчилтикти Кытайдын дагы бир шаары Гонконг бекитет.   Эң… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде 9-классты аяктап жаткандарга аттестат тапшырылды

Өлкө мектептеринде 9-классты аяктап жаткандарга аттестат тапшырылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл аталган классты жалпысынан 100 миңден ашык окуучу аяктап жатат.   Мамлекеттик экзамендер артта калып, аларга бүгүн орто билимди тастыктаган күбөлүктөр берилди. Ал эми 11-классты аяктап жаткандарга атестаттар 23-июнда тапшырылат.

Кыргызстанда фонограмма колдонуу үчүн айып салуу сунушталууда

Кыргызстанда фонограмма колдонуу үчүн айып салуу сунушталууда.   Токтом долбоорун Маданият министрлиги сунуштады. Документке ылайык, физикалык жактарга 10миң сом, физикалык жактарга 28 миң айып салынат.   Бул республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларга тиешелүү. “Маданият жөнүндө” мыйзамы ошондой эле, артисттерге үн менен фонограмманы… Кененирээк…

Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы ири өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдө

Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы ири өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдө.   Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын себебин аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалды.   Эске салсак, мунай базасындагы өрт кечээ кечинде чыкты. Тилсиз жоодо 4 адам жабыркады, 6 цистерна, 2 бензовоз жана 4… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болду. Мындан улам… Кененирээк…

Кыргызстанга жол транспортунун бир бөлүгү келди

Кыргызстанга жол транспортунун бир бөлүгү келди. Унаа жана жолдор министрлигине атайын техникасынын 84 бирдиги тапшырылды.   Жалпысынан  669 техника каралган, анын ичинде самосвал, автогрейдер, суу жана битум ташыган транспорт, бульдозер, экскаватор, бензовоз, асфальт төшөгөн транспорт жана башкалар бар.   Калган техника жакын арада жеткирилет.