Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына өттү. Кыргыз балбаны биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде жеңди, андан соң Шаршенбеков грузиялык Придон Абуладзеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 45 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.… Кененирээк…