Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлдү

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлдү.   Экономика министрлигинен билдиришкендей, каражат учурдагы жана пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Тактап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлор курулат жана жабдылат.   Мындан тышкары, Бишкектин кургак учукка каршы ооруканасына жаңы жабдууларды алып келүү пландалууда.

Ноокендин Масы айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды

Ноокен районунун Масы айылында 150 орундуу жеке менчик мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, башталгыч класстар үчүн билим берүү мекемеси кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылык насыясы менен курулду.   Мындан сыртканы, аталган фонд айылдагы жеке менчик медициналык борбордун заманбап… Кененирээк…

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ушул айда күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Мунай ташуучулар ассоциациясы билдирет. Алар Санкт-Петербургдун товардык биржасында бензиндин баасы ушул жылдын май айында тарыхый максимумга жаңыланып, тоннасына 61 миң рублдан ашык болгондугун эске салышты.   Россия бийлиги бензиндин тартыштыгын жана ички… Кененирээк…

Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар

Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, алардын 51 пайызын эркек балдар түзөт. 18 жашка чейинки кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт.   Мекеме өлкөдө жугуштуу ооруларды азайтуу максатында профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгилейт. Мындан сырткары ата-энесинин… Кененирээк…

Өлкөдө ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу үч этап менен ишке ашат

Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу үч этап менен ишке ашат.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, биринчи этапта 300 миң адам, экинчисинде 1 жарым миллион жана үчүнчү этапта 700 миң кыргызстандык камтылат.   Учурда ведомство эл аралык өнөктөштөрдөн… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда жаңы сквер пайда болду

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда жаңы сквер пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, сейил бакка тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулуп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 200гө жакын бак-дарак отургузулду. Сквердин курулушу эл аралык уюмдардын биринин каражатына жасалды.

Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам

Tesla жана SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам. 1-июнга карата анын байлыгы 192 миллиард долларга бааланды. Бир күн мурун Тесланын акциялары бир пайыздан ашык кымбаттагандыктан, Маск бир суткада дээрлик 2 миллиард долларга байыды.   Ошол эле учурда француз ишкери Бернар Арнонун… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суу кымбаттады

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суу кымбаттады. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.   Тактап айтканда, калк үчүн бир гигакалория үчүн жылуулуктун тарифи 1 миң 248 сомду түзөт. Ысык суу да кымбаттады. Ар бир категория боюнча баалар тууралуу толук… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жайлар ээлерине тапшырылды.   Былтыркы жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Баткен облусунда 400дөн ашык үй жабыркаган, анын ичинен 100ү Лейлек районунда жайгашкан.… Кененирээк…

Кыргызстандын салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады

Кыргызстандын салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Казакстан менен Россияга темир жол жана унаа аркылуу жүк ташууда электрондук навигациялык пломбалар менен көзөмөлгө алган пилоттук долбоор ишке кирди. Бул долбоорду аталган үч өлкөнүн улуттук операторлору атайын интеграцияланган маалыматтык система… Кененирээк…