Балыкчыда арт-галерея пайда болот
Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө арт-галерея куруу пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эскиздик долбоор шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Ага ылайык, арт-галерея жеңил конструкциядан туруп, эки кабаттуу болот.