Ош шаарында 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулууда

Ош шаарында бир эле мезгилде 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.   Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу… Кененирээк…

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Мураталы Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.   Эске салсак, ал 31-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Тагаев 2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учуруда Чүй проспектисинин Достоевский көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин жол кемчиликтерин жоюу иштери төмөнкү жол тилкелеринде жүргүзүлгөн: — Чүй проспектисинин Сүйүмбаев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө; — Абдрахманов көчөсүнүн Манас проспектисинен Достоевский… Кененирээк…