Бишкекте велосезондун ачылышы жылдырылды

Бишкекте велосезондун ачылышы жылдырылды. Мэриядан билдиришкендей, мунун себеби аба ырайына байланыштуу.   Жекшемби, 7-апрелге белгиленген веложүрүш эми 28-апрелде өтөт жана иш-чара Бишкек шаарынын күнүнө арналат.

Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт

Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт.   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аларга 8-апрелден тарта Ош облусунун Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде электр, газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча билим берилет. Анын алкагында, памирлик кыргыздарды иш менен камсыз кылуу аракети көрүлөт.

Жылуулук менен камсыздоо объекттерин жергиликтүү бийликке өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.   Жарлыкка ылайык жылуулукту иштеп чыгуучу жана жылуулук менен жабдуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана ишин оптималдаштыруу, “Электр станциялары” ачык акционердик коомун кайчылаш субсидиялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом… Кененирээк…

Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет

Ороктогу жаңы стадион ФИФАнын бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди.   Маалыматка ылайык, стадион 45 миң адамга ылайыкталып курулууда. Курулушка болжол менен 60 млн доллар керектелет.   Объекттин ачылышы 2026-жылы Эгемендүүлүккө карата болот деп күтүлүүдө.

Бишкекте таштанды өрттөөчү завод курулат

Бишкекте таштанды өрттөөчү завод курулат. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, долбоор Кытай өкмөтү менен биргеликте ишке ашат.   Маалыматка ылайык, завод күн сайын 1 тонна таштандыны жок кылуу күчүнө ээ болот.   Курулушка 95 млн доллар сарпталат, ал ишке киргенден кийин шаардын айланасындагы таштанды полигондору жабылат.

Быйылкы жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди

Быйылкы жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык мекемелер, мектеп, бала бакча, медициналык жайлар жакшыртылат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн.

Боршайком үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттады

Боршайком Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады. Анын ичинен №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан 14 талапкер жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан 11 талапкер катталды.   Аталган аймактардан… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.   Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечим жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы саат 7ден түнкү 9га дейре жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө… Кененирээк…

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөн

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, алардын сегизи чакан ГЭСтерден өздөрү түзгөн келишим менен электр жарыгын алат. Бул 25 миллион 100 киловатт саатты түзөт.   Калган компаниялар батирлерге катталган. Алар электр энергиясын колдонушпайт, деди министр.

Баткендеги “Ак-Кыя” өткөрүү пункту эртең убактылуу иштебейт

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан “Ак-Кыя” өткөрүү пункту эртең убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган бекетте түшкү саат 12ден күндүзгү 4кө чейин адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү чектелет. Мындай чара техникалык иштерге байланыштуу.