УЕФА президенти Александер Чеферин Сауд Арабия клубдарына аша чаппоо сунушун берди

УЕФА президенти Александер Чеферин Сауд Арабия клубдарына аша чаппоо сунушун берди. Анын пикиринде, сауд арабиялык клубдар болгон акчасын жашы өтүп бара жаткан футбол жылдыздарына коротуусу туура эмес. Анын ордуна, каражатты академияларды курууга, күчтүү машыктыруучуларды чакырууга жана өздөрүнүн оюнчуларын өнүктүрүүгө жумшоо керек.   Белгилеп кетсек, учурга… Кененирээк…

Мурдагы вице-премьер-министр Разаков үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыкты. Аталган соттон билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн Разаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү 16-июнда канааттандырылган. ИИМ мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат… Кененирээк…

Министрдин орун басары менен «Кыргызкөмүрдүн» өкүлү коррупцияга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалганын билдирди.   Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар Бишкек электр жылуулук борборуна (Бишкек ЖЭБ) көмүр ташуудагы коррупцияга шектелүүдө. “Тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына… Кененирээк…

Эд Ширан Улуу Британиянын эң популярдуу артисти деп аталды

Эд Ширан Улуу Британиянын эң популярдуу артисти деп аталды. Аткаруучу бул наамга алтынчы ирет татыды. Рейтингдин экинчи сабында ырчы Дуа Липа жайгашат. Үчилтикти диджей Дэвид Гетта бекитет.   Топ-5ке ошондой эле Гарри Стайлс жана Элтон Джон кирет. Аналитиктер рейтингди түзүүдө артисттин стриминг платформаларында, радиолордо жаңырганы… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Сел жүрүү коркунучу 22-июнга чейин сакталат. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарга 179 бүтүрүүчү ээ болот

Өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарга 179 бүтүрүүчү ээ болот. Билим берүү министрлигинен бизге билдиришкендей, алардын басымдуусу Бишкек мектептеринин окуучулары.   Андан кийин кызыл аттестаттардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад облустары турат. Эске салсак, жакшы окуган мектеп бүтүрүүчүлөрү билимин тастыктоо үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсүн тапшырат.

Кыргызстанда жыл башына карата 1 миллион 113 миң жеңил машине катталган

Кыргызстанда жыл башына карата 1 миллион 113 миң жеңил машине катталган. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Бишкекте расмий түрдө 317 миңден ашык унаа катталса, Ошто – 75 миң. Ведомстводон белгилешкендей, калктын саны өскөнүнө жараша, машинелердин саны дагы кескин өсүүдө. Кошумчаласак, Бишкекте 1… Кененирээк…

Кыргызстанда электр самокаттар менен жүрүүдө атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда электр самокаттар менен жүрүүдө атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн.   Документти депутаттар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте иштеп чыгат. Анда  электр самокаттар менен кайсы аймактарда жүрсө болот, жол кырсыгы катталган учурда алардын жоопкерчилиги, жарык чагылдыруучу элементтердин милдеттүү түрдө болушу жана башка пункттар… Кененирээк…

БШК шайлоону мыйзамсыз деп табууга себепкер жактарды жазалоону сунуштады

БШК шайлоону мыйзамсыз деп табууга себепкер жактарды жазалоону сунуштады.   Күтүлгөндөй, мындай аракет үчүн материалдык жоопкерчилик каралат. Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ведомство аралык жумушчу топ демилгелеп, парламентке жөнөтөт.   Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн БШК Ленин округу боюнча 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Эми… Кененирээк…

Бишкекке ысык суу 22-июнда берилет

Бишкекке ысык суу 22-июнда берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге  “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти.  Эске салсак, ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө ысык суу 22-майда 1 айга өчүрүлгөн.   Бул убакыт аралыгында “Бишкекжылуулуктармактарынын” адистери түтүктөрдү, буу казандарды кайра калыбына келтирип, күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүштү.