Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды.   Мэриянын маалыматы боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп, 180 орунга чакталган.   Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, изоляциялык бөлмө, тазалоочу шаймандарды… Кененирээк…

Кыргызстандагы эң чоң спорткомплекс Бишкекте пайда болот

Кыргызстандагы эң чоң спорткомплекс Бишкекте пайда болот. Тиешелүү макулдашуу Улуттук олимпиада комитети жана кайрымдуулук фонду ортосунда жетишилди.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы – 2 миллион доллар. Комплекс спорттун дээрлик бардык түрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташып, 2 миңден ашык көрүүчүнү батыра алат.   Учурда курулушка жер… Кененирээк…

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн бир айга жетпеген убакыт калды

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн бир айга жетпеген убакыт калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, мөөнөт 1-сентябрда аяктайт.   Буга байланыштуу, ведомство жарандарды акыркы күнгө калтырбай, эртелеп салыктарды төлөөгө чакырат. Эске салсак, августтун аягына чейин транспорт каражатына, жеке турак-жайларга, батирлерге жана… Кененирээк…

“Эл үмүтү” стипендиясына 13 студент тандалды

“Эл үмүтү” стипендиясына 13 студент тандалды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, стипендия Колумбия, Сассекс, Стэнфорд, Гарвард, Висконсин-Мэдисон, Эдинбург, Сеул улуттук университети жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырып, магистратурага өткөн жана докторлукту жактай турган студенттерге берилет. Жалпысынан 17 студент талапкер болгон.   Былтыр бул программага… Кененирээк…

Бишкекте жаңы автобустар үчүн автопарк салынууда

Бишкекте жаңы автобустар үчүн автопарк салынууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер “Бишкек жүргүнчү автотранспорту ишканасынын” аймагында жүрүп жатат.   Бул жерде эски асфальт алынып, газ куюучу станция курулууда. Андан соң айланасы тосулу п, жарык системасы орнотулат. Белгилеп кетсек, буга чейин муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти 300 эски… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы 12 мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы 12 мектеп пайда болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.   Алар аймактын ар кайсы райондорунда жайгашкан.

Ысык-Көл облусунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көл облусунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, кечээ аталган айылдарда сел жүрүп, турак-жайларды жана ички жолдорду суу каптаган. Табият кырсыгынын кесепетин жоюу жана тазалоо иштерине министрликтин 200 кызматкери тартылды. Жарандык коргонуу… Кененирээк…

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жумуштар Тилеке Баатыр көчөсүнүн Нурматов – Навои тилкесинде жүрүп жатат.   Долбоорго ылайык, дээрлик 3 чакырымга жакын жерде эс алуу аймагы түзүлөт. Бул жерде көчө жарыгы, отургучтар орнотулуп, кичи аралдар… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жер тилкесин бөлүү суроосу чечилип жатат.   Жаңы аэробекетти куруу зарылчылыгы Жалал-Абад облусунун калкы арасында аба каттамдарга суроо-талап курч болгонуна байланыштуу келип чыкты. Ал эми учурдагы аэропортто жумасына 9 рейс аткарылат.

Майлуу-Сууда кышка даярдык көрүлүүдө

Майлуу-Сууда кышка даярдык көрүлүүдө. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү жылуулук менен камсыздоо ишканасында түтүктөр орнотулуп, буу казандардын бирине артезиан суусу өткөрүлдү.   Бир катар иш-чаралар планын аткарууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Эске салсак, ушул жылдын 13-январында Майлуу-Сууда чукул кырдаал режими жарыяланган. Катуу сууктан улам… Кененирээк…