Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмашты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынып, анын ордуна Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Тийиштүү буйрукка министр Улан Ниязбеков кол койгон. Азамат Токтоналиев буга чейин Талас милициясын жетектеген. Мунун алдында ИИМ маңзат соодасына аралашкан… Кененирээк…

Бишкектин ири району 23-августта суусуз калат

Шаршемби күнү, 23-августта, Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Суу берүү төмөнкү аймактарда саат 10:00дөн 21:00гө чейин үзгүлтүккө учурайт: Абаканов — Дэн Сяопин проспекти — Кустанай — темир жол линиясы менен чектешкен аймакта; Кустанай — Волков — Садыгалиев — Дэн Сяопин… Кененирээк…

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 14-августтан 17-августка чейин өз билемдик менен курулган курулуштарды, эскиздик долбоорго ылайык келбеген кирүү топторун, ошондой эле муниципалдык аймакта мыйзамсыз тургузулган имараттарды бузуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Төрт күндүн ичинде башкармалык… Кененирээк…

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев Вашингтон шаарында резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды.

Чолпон-Атада «Мейкин Азия» эл аралык фестивалы старт алды

18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалы старт алды.   Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада… Кененирээк…

Садыр Жапаров 20-августта Будапештке иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 20-август күнү Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчы Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (19-29-август аралыгында өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат. «Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу… Кененирээк…