Шопоков шаарында чыккан өрттөн 4 адам жабыркады

Чүй облусунун Шопоков шаарында мунай базасында ири өрт чыгып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, “Шопоков” темир жол станциясынын жанындагы мунай базасында ири өрт чыгып, цистерна жарылып… Кененирээк…

Шопоков шаарында мунай сакталган жайда чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагында 20-июнда мунай сакталуучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт тууралуу алгачкы маалымат саат 16:11де түшкөн. Аны өчүрүү иштерине Сокулук жана Москва райондорунун өрт өчүрүүчү техникасы кызматкерлери менен жалпы үч экипаж, Чүй облусунун… Кененирээк…

Боомдо сел жүрдү

Боомдо сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир тарабы жабылып, транспорт үчүн бир тараптуу кыймыл уюштурулду.   Жеринде жолчулар иштеп, ылай аралаш массаны тазалоо иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга байланыштуу… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алтын сертификаттарга 54 бүтүрүүчү ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алтын сертификаттарга 54 бүтүрүүчү ээ болду.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жогорку упай топтой алгандардын басымдуусу Бишкектен – 39, төртөө Ош облусунан, экөө Чүйдөн жана Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас облустарынан бирден бүтүрүүчү алтын сертификат алды.… Кененирээк…

Индия тургуну 127 саат бою бийлеп дүйнөлүк рекорд орнотту

Индия тургуну 127 саат бою бийлеп дүйнөлүк рекорд орнотту. 16 жаштагы кыз 29-майда эртең менен музыкага кыймылдап баштап, 3-июнга чейин токтогон жок.   Рекорд орнотуу үчүн ал индиялык классика болуп калган бийди тандаган. Бир саатта бир жолу ага 5 мүнөткө тыныгуу берилип жатты. Кошумчаласак, буга… Кененирээк…

Самара – Бишкек – Самара аба каттамы жанданды

Самара – Бишкек – Самара аба каттамы жанданды. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, россиялык авиакомпаниянын лайнерлери 11-июндан тарта аталган багыт боюнча учуп баштады.   Самара шаарынан биздин ордо калаага каттам жумасына 1 ирет, жекшемби күндөрү аткарылат.

Жалал-Абад шаарында жаңы төрөт үйү курулат

Жалал-Абад шаарында жаңы төрөт үйү курулат. Тиешелүү маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Ага ылайык, курулуш иштерине капиталдык курулуш департаменти 222 миллион 800 миң сомдон ашык жумшайт.   Перинаталдык борбор 2 жылдын ичинде колдонууга берилет деп күтүлүүдө.

Чүй жана Бишкектин айрым көчөлөрү 21-июндан 23-июнга чейин унаа кыймылына чектелет

Чүй жана Бишкектин айрым көчөлөрү 21-июндан 23-июнга чейин унаа кыймылына чектелет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу “Манас” аэропортунун Бишкекке чейинки жолу, Жибек Жолу, Манас, Чүй проспектилери, Фучик көчөсү жана Бишкектен Токмокко чейинки айланма жолдо маал-маалы… Кененирээк…

Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда курч кармаган ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Январь-май айларынын аралыгында ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны 4,2 пайызга өстү. Беш айда 8 255 (былтыр ушул эле убакытта 7 782 учур катталган) учур катталды. Оорунун… Кененирээк…

Лионель Месси Сауд Арабиясындагы туризмди жарнамалоо үчүн 25 миллион доллар алат

Лионель Месси Сауд Арабиясындагы туризмди жарнамалоо үчүн 25 миллион доллар алат. Аргентиналык футболчу менен келишим 3 жылга түзүлдү. Макулдашууга ылайык, Месси Сауд Арабиясына үй-бүлөсү менен эс алууга барып, аталган өлкө жөнүндө публикацияларды жарыялашы керек.   Ага өлкөнүн аброюну шек келтире турган сөздөрдү айтууга тыюу салынат.… Кененирээк…