Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду. Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында ал финалда япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.   Жоламан Шаршенбеков бул мелдеште жалпы 41 балл алып, атаандаштарына бир да балл уттурган жок.   Белгилеп кетсек, спорттук… Кененирээк…

Ататүрк паркынын кайтарылган аймактары эс алуу зонасы катары пайдаланылат

Бишкектеги Ататүрк паркынын кайтарылган аймактары эс алуу зонасы катары пайдаланылат. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, көчөттөрдү отургузуу, жашыл аянтты көбөйтүү, шарттарды түзүү пландалууда.   Эске салсак, 12-апрелде мэр 107 гектар аянтты ээлеген Ататүрк атындагы сейил бактын чек арасын бекитүү боюнча… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң ылдам камера Канадада жасалды

Дүйнөдөгү эң ылдам камера Канадада жасалды. Ал секундасына 156 триллион кадр тартууга жөндөмдүү.   Аппарат жаңы оптикалык технологияга негизделген, ал бир ультра тез лазердик импульстун жардамы менен жүздөн ашык кадр алууга мүмкүндүк берет.   Камера илимпоздорго фемтосекундда – секунданын квадриллиондон бир бөлүгүндө болгон кубулуштарды жазууга… Кененирээк…

9-майга карата согуштун катышуучулары жана майыптарына 20 миң сомдон берилет

Кыргызстанда 9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20 миң сомдон жогору акча алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Жалпысынан 640тай адамга дээрлик 10 миллион сом суммасындагы бир жолку жөлөк пул каралган.   Каражат согуштун майыптары, катышуучулары, концлагерлердин… Кененирээк…

Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Каттоо 16-апрелден 30-апрелге чейин жүргүзүлөт.   Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттери төмөнкүдөй:   мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө… Кененирээк…

Бишкекте «Вальс кечеси» өтөт

Бишкек шаарында 29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “Вальс кечеси” өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, конкурс шаар күнүнө карата уюштурулууда.   Фестивалга кирүү акысыз.   «Конкурс жана ага катышуу тууралуу толук маалыматты 0312 510 178, 0556 860 106 (WhatsApp) телефондору аркылуу алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи. Ага ылайык, үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү.   Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана… Кененирээк…

Бишкектеги Ататүрк паркындагы курулуштар сүрдүрүлөт

Бишкектеги Ататүрк паркындагы курулуштар сүрдүрүлөт. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар. Учурда паркта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот.  … Кененирээк…

Аксы районунда сел жүрдү

15-16-апрель күндөрү жааган жаандан улам Аксы районундагы алты-жети айылды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, суу айылдардагы жолдорду жана үйлөрдү каптаган. Ошондой эле, нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Жалал-Абад шаарын да суу каптап жатат. Ички арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн… Кененирээк…

Кытайлык соодагер кызматкерлерине “өзгөчө эмгек өргүүгө” уруксат берди

Кытайда чекене дүкөндөр тармагынын жетекчилиги кол алдындагыларга “өзгөчө эмгек өргүүгө” берди. Компаниянын жетекчиси белгилегендей, кээде ар бир адам өзүн жөн эле бактысыз сезген күндөрү болот. Ал мындай учурларда иштеп кереги жок деп эсептейт.   Мындан улам, эми анын ишканасынын ар бир кызматкерине жылына 10 кошумча… Кененирээк…