Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу ниетин сегиз адам билдирди

Ленин бир мандаттуу округундагы кайра шайлоого катышуу ниетин сегиз адам билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Эске салсак, аталган округдагы шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган.

ЖЭБге Казакстандан сатылып алынган көмүрдүн биринчи партиясы келди

Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан сатылып алынган көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, жылытуу мезгилинде ЖЭБге 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө жалпы салмагы 3 миң 200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү.   Көмүрдүн кийинки партиясы, 48… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннель күнүгө 10 сааттан жабылып турат

Төө-Ашуудагы туннель ушул жумадан тарта күнүгө 10 сааттан жабылып турат.   Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдиргендей, мындай чектөө 26-июлдан 6-августка чейин уланат. Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу унаалар түнкү саат 3төн тарта күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машинелер үчүн жол… Кененирээк…

Өтмөк ашуусуна асфальт төшөлүүдө

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда аталган ашуунун 5 чакырымына асфальт жаткыруу жумуштары башталды. Жеринде 10 атайын техника жана 20дай жолчу иштеп жатат.   Асфальт төшөө жумуштары… Кененирээк…

Кызмат учурунда каза тапкан прокурорго бериле турган кенемте азайды

Кызмат учурунда каза тапкан прокурорго бериле турган кенемте азайды. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.   Буга чейин прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең кенемте төлөнүп келген. Жаңы мыйзамда маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына… Кененирээк…

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 медаль тагынды

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Иорданиянын Амман шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Андагы жалпы эсепте кыргызстандык спортчулар 4 күмүш жана 8 коло медаль жеңди.

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.   Силкинүү Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5… Кененирээк…

Кыргызстан жол белгилерин дээрлик эки эсе арзан баада өзү жасап жатат

Кыргызстан жол белгилерин дээрлик эки эсе арзан баада өзү жасап жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, быйыл Россиядан жол белгилерин чыгаруучу 4 миллион сомдук жабдык сатылып алынды. Мунун натыйжасында белгилердин баасы 2 миң 900 сомго түштү, мурда 5 миң сомдон… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бүгүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 4 этап болот. Экинчиси 26-июлга чейин созулса, үчүнчү этап 31-июлда старт алып, 2-августта токтотулат, ал эми соңку төртүнчү этап 7синен 9-августка чейин жүргүзүлөт. Арыздарды жана документтерди “Абитуриент онлайн”… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор толугу менен алынды

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор толугу менен алынып бүттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Облус боюнча жалпы 117 эс алуу жайынын көл жээгинде тосмосу бар болсо, бүгүнкү күндө баары демонтаждалды жана жарандардын пляж аймагына эркин кирүүсү камсыз кылынды, — деп айтылат маалыматта.   Буга чейин… Кененирээк…