Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда

Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда шаардын Ак-Мөөр, Баетов, Чоробаев жана Муканбет уулу Улан көчөлөрүндөгү эски асфальт катмары сыйрылып, жаңы асфальт төшөөгө даярдалып жатат.   Ал эми Алаев көчөсүнө асфальт жаткыруу үчүн жолду тегиздөө иштери… Кененирээк…

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аталган трассанын Тамчы участкасында кар көчкү түшкөн.   Учурда жолчулар жолду кардан тазалап жатат.   Көчкүнүн көлөмү 1 миң 750 куб метрди түзөт. Каттам жакынкы сааттарда ачылат деп күтүлүүдө.

“Токтогул” паркын реконструкциялоого дээрлик 24 млн сом жумшалат

Жалал-Абаддагы “Токтогул” паркын реконструкциялоого дээрлик 24 миллион сом жумшалат. Бизге шаардык мэриядан билдиришкендей, анын алкагында эс алуу багы жарыктандырылып, тротуар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Буга чейин толук оңдоп-түзөө болгон эмес.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ири Калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ири Калкты тейлөө борбору ачылды. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Үч-Коргон айылында жайгашкан.   Эскилиги жетип, колдонулбай турган мекеменин имаратында жайгашкан борборду капиталдык оңдоого аймакты өнүктүрүү фонду 21 миллион сом бөлгөн.   Ошондой эле жергиликтүү салым 1 миллион сомду түздү.

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

Эртең, 13-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Өчүрүү Ала-Арча дарыясы — Жибек Жолу проспектиси — темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары, Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү… Кененирээк…

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулуп жатат

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бакчанын курулушу башталды.   Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде заманбап шарттар түзүлөт.   Аянты 1 миң 390 чарчы метрди түзгөн курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Аксы районунунда мектептин жаңы имараты курулууда

Аксы районунунда мектептин жаңы имараты курулууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Кашка-Суу айылындагы билим берүү мекемесинин эскилиги жетип кооптуулук жаралып келген.   Жаңы имарат курууга республикалык бюджеттен 32 миллион сом каралып, учурда 150 орундуу курулуш жүрүүдө.   Объектти күзгө чейин бүткөрүү пландалып жатат.

Кара-Сууда аз камсыз 760тай үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кара-Сууда 757 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.   Кайрымдуулук иш-чаралары район аймагындагы 27 мечиттин жамааты тарабынан көрсөтүлүп, анын жалпы суммасы 1 млн 655 миң 443 сомду түздү.   Эске салсак, Кара-Суу районуна караштуу 8 мечиттин жамааты Рамазандын алгачкы он… Кененирээк…

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачык

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда бороон токтой элек. Жолчулар жеринде атайын техника менен тынымсыз иш алып барууда.   Эске салсак, кечээ аталган трассада катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда… Кененирээк…

Быйылкы жылдагы ажылык сапардын баасы 3 миң 900 доллар болду

Быйылкы жылдагы ажылык сапардын баасы 3 миң 900 доллар болду.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Андан такташкандай, буга чейин 1 миң доллар төлөм жүргүзгөндөр калган суммасын 17-апрелге чейин төлөшү керек. Былтыр ажылык сапардын баасы 4 миң 500 доллар болгон.   Белгилеп кетсек, быйыл… Кененирээк…