Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди эртең каттап баштайт

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди эртең каттап баштайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бир ай бою курам жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 17-июлдан тарта күн сайын жүрөт.   Бишкектен поезд таңкы саат 7:40та чыкса, Балыкчыга 11:40та жетет. Кайра артка поезд Балыкчыдан 17:48де чыгып,… Кененирээк…

Бишкекте электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар иштеп баштады

Бишкекте электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар иштеп баштады. Мэриядан билдиришкендей, аларды жеке компания Жукеев-Пудовкин жана Киев көчөлөрүндө орнотту. Бөлүштүрүүчү энерго компанияларга бул объектилерди балансына алып, эсептегичтерди орнотуу керектелет.   Муниципалитеттен кошумчалашкандай, жалпысынан Бишкекте мындай 60тай станция пайда болушу күтүлөт.

Таласта жаңы аэробекет курулуп баштады

Таласта жаңы аэробекет курулуп баштады. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн курулушка капсула салынды. Жаңы аба майданы саатына 100 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.   Курулуш иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда. Эске салсак, Таластагы аэробекет 35 жылдан бери иштебей турат.

Баткен облусунда 44 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунда 44 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө.   Курулуш иштерине 266 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Салынып жаткан объектилердин арасында 29 мектеп, 3 медициналык жай, 2 маданий мекеме, 6 таза суу менен камсыздоо объектиси жана башкалар бар.

№99 кесиптик лицей президентке караштуу болуп, өзгөчө макам берилди

Президент Садыр Жапаров «№99 кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө» жарлыкка кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, окуу жай эми президентке караштуу болот. Кабарда маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу экени… Кененирээк…

Стокгольм шаарында дүйнөдөгү биринчи өзү жүргөн кеме пайда болду

Стокгольм шаарында дүйнөдөгү биринчи өзү жүргөн кеме пайда болду. Ал аралдардын ортосунда каттап, 30 жүргүнчүнү батыра алат. Бир тарапка жол кире акысы – 3 еврону түзөт.   Система алдында тоскоолдукту байкап калса, бир секундда эле багытын өзгөртө алат. Азырынча кеменин жүрүшүнө капитан көз салат, бирок… Кененирээк…

Кыргызcтанда «Акылман» президенттик лицейи түзүлдү

Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналары… Кененирээк…

Бишкектеги парктарда соода кылуу үчүн орундар ижарага берилет

Бишкек шаарынын мэриясы соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле турган сейил бактардын тизмесин жарыялады.   Маалыматка караганда, Ашыралы Боталиев атындагы сейил багы, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багы, Жаштар сейил багы, Юлиус Фучик атындагы сейил багы, Кайың багы, Жаңгак багы, Каражыгач токоюнда орундар ижарага берилет.   Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен… Кененирээк…

Өлкөдө мыкты мугалим жана мыкты тарбиячы эми жыл сайын аныкталып турат

Өлкөдө мыкты мугалим жана мыкты тарбиячы эми жыл сайын аныкталып турат.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, сынакка мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катыша алат.   Жыйынтыгы жыл сайын, 5-октябрь Мугалимдер күнүнө карата чыгарылышы керек. Документ педагогикалык кесипти жайылтууга,… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчаны ошол валютада алууга кайрадан уруксат берилет

Кыргызстанга которулган акчаны ошол валютада алууга кайрадан уруксат берилет. Улуттук банк акча которуулар жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.   Эске салсак, өткөн жылы акча которуулардын эл аралык системасы аркылуу каражат которуунун эрежеси өзгөртүлгөн. Ага ылайык, акча кайсы валютада жөнөтүлгөнүнө карабастан  сом менен же ошол… Кененирээк…