Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Аймактар боюнча алганда ардагерлердин басымдуусу Бишкек шаарында жашайт. Ал эми Баткен менен Таласта согуштун ардагери калган жок.

Прагада Кыргызстандын ардактуу консулдугу расмий ачылды

Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өттү. ТИМден билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган… Кененирээк…

Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 32 бала жабыркап, анын 10у Бишкекке алынып келинген.   Бүгүн жабырлануучулардын биринин абалы жакшырып, реанимациядан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Калган балдар травматология бөлүмүндө дарылануусун улантууда, абалдары туруктуу.   Ведомство Бишкек жана Жалал-Абад облусунун ооруканаларында… Кененирээк…

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тиешелүү документти биринчи окууда жактырды.   Мыйзамга өзгөртүүгө ылайык, саясий партияларга 5 миңден, бир мандаттуу шайлоо округдан талапкерлерге 100 адамдан ашпаган үгүтчү алууга уруксат берилет. Учурдагы мыйзам… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.   Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: -министрлер кабинетинин… Кененирээк…

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады. Төрт дөңгөлөктүү Android GPS системасы жана жаздыруу функциясы бар камералар менен жабдылганын коңшу өлкөнүн Жол кайгуул кызматы кабарлады.   Робот мыйзам бузуулардын бардык түрүн, жада калса таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарды да жаздырып калат. Алар тууралуу… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Садовая, Валиханов, 7-апрель, Ауэзов, Исакеев көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде өчүрүүлөр күтүлөт.   Чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Сузактагы каргаша: Бишкек мэринин фондунан балдарга 50 миң сомдон бөлүндү

Бишкек мэринин резервдик фондунан Сузактагы каргашада жабыркаган ар бир балага 50 миң сомдон бөлүндү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул каражат андан ары дарылоо жана реабилитациялоо үчүн жумшалат.   Дарыгерлердин айтымында, балдардын абалы жакшырууда. Зарыл болгон учурда мектеп окуучуларынын ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн кайталап текшерүүлөр жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан 10 үй-бүлө көчүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүндү.… Кененирээк…

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу өзгөртүлдү.   Белгиленгендей, троллейбус абал жөнгө салынганча «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.   Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкекте автобустун катышуусунда троллейбус менен жол кырсыгы катталган.