Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү

Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган аянтка 49 ийне жалбырактуу жана 27 жазы жалбырактуу дарактар отургузулду. Ошондой эле сугат системасы орнотулуп, келечекте бул аянт тамчылатып сугарылат.   Мындан тышкары, 1 миң 429 чарчы метр аянтка көк майсан себилет.   Буга… Кененирээк…

Футбол боюнча Европа чемпионатында жогорку технологиялык топ колдонулат

Футбол боюнча Европа чемпионатында жогорку технологиялык топ колдонулат. Ага микрочип орнотулат, ал гол киргизүү учурунда колдун тийип-тийбегенин аныктоого жардам берет.   Мындан тышкары, микрочип топтун так тийген убактысын жазат, бул өз кезегинде калыстарга офсайд болуп, болбогонун аныктоого жардам берет.   Эске салсак, 2024-жылы Европа чемпионаты… Кененирээк…

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-декабрдан тарта Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.   Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.   Абанын температурасы бир топ төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 22 метрге чейин… Кененирээк…

Шектүүлөрдү көзөмөлдөөчү электрондук билериктер үч-төрт айдын ичинде колдонула баштайт

Шектүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн электрондук билериктер үч-төрт айдын ичинде колдонула баштайт. Бул тууралуу Юстиция министри Аяз Баетов билдирди.   Анын айтымында, учурда шектүүлөрдүн 94 пайызы камакта. Браслеттер ишке киргизилгенден кийин алардын саны бир топ кыскарышы мүмкүн.   Чиновник ошондой эле аппараттарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алуу… Кененирээк…

Кыргызстандын калкынын саны 92 миң 800 адамга көбөйдү

Жыл башынан берки тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 миң 800 адамга көбөйдү. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, муну менен быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.   Тогуз айда 108 миң 400 ымыркай төрөлгөн.   Мындан тышкары быйыл январь-сентябрь… Кененирээк…

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 28 касапкананын иши токтотулду

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 28 касапкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 125 миң 500 сом айып пул салынды.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча мал союучу 100 касапкана Ветеринардык кызматтын расмий… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда кичи ГЭС курулуп жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунда кичи ГЭС курулуп жатат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, объекттин кубаттуулугу саатына төрт мегаватт болот.   Бул жакынкы конуштардагы 12 миңге жакын кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылат.   Станциянын курулушун келерки жылдын башына бүтүрүү пландалууда. Долбоордун баасы үч миллион долларды түзөт.

Соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилди

Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Анын айтымында, патенттик системаны жоюп, жаңы салык режими менен иштөөгө салык органдары өздөрү даяр эмес болуп чыкты.   Эске салсак, базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан… Кененирээк…

“Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна арызды онлайн тапшырса болот

“Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна арызды онлайн тапшырса болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кызмат “Түндүк” порталынын “Үй-бүлө” бөлүмүндө жеткиликтүү.   Мекеме мамлекеттик порталдан жөлөкпул алуу үчүн банкты да тандап, үйгө жеткирүүнү уюштурууга болорун белгилейт. Же каалаган калкты тейлөө борборуна кайрылса болот.   Эске салсак, “Балага сүйүнчү” –… Кененирээк…

Барскоон-Каракол жолунун курулушун келерки жылы баштоо пландалууда

Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Каракол жолунун курулушун келерки жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Жумуштар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашары күтүлүүдө.   Участканын узундугу 75 чакырымды түзөт. Курулуш иштерин 2027-жылга чейин бүтүрүү мерчемделип жатат.