Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн жаңы орун басары дайындалды

Сыдыков Максат президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бишкекте №9 автобус каттамы кайрадан ишке кирди

Бишкекте бүгүнтөн тарта №9 автобус каттамы кайрадан ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай чечим тургундардын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.   Каттамдын узундугу 54 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Жалпысынан 25 автобус кызмат көрсөтөт.