Бишкекте жеңил конструкция жер титирөөгө сыноодон өткөрүлдү

Бишкекте жеңил конструкциядан курулган имарат жер титирөөгө сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекекттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, үч кабаттуу объект 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берди. Сыноонун экинчи этабы жеңил конструкциядагы курулуштун дубал-панелдерин жабуу боюнча иштер аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу баштады

Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу баштады.   Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, өнөктүк эки этап менен өтөт. Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин отчет бериши керек. 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырат.   Документте өткөн жылы… Кененирээк…

Жер титирөөгө туруктуу курулуш маминститутунун лабораториясы жаңыланат

Жер титирөөгө туруктуу курулуш маминститутунун лабораториясы жаңыланат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Аталган институттун базасындагы ВИМ-200 динамикалык машинасы имараттын жер титирөөгө туруктуулуктуулугуна сыноо өткөрүү үчүн колдонулат.   Ал эми Р-10 аталышындагы аппарат арматуралардын ийилишин жана чыңалуусун сыноочу машина.… Кененирээк…

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап жатып айтты.   Анын айтымына караганда, стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын алкагында тараптар Түркия президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан… Кененирээк…

Кытайлык киши 20 жыл бою уулуна миллионер экенин айткан эмес

Кытайлык киши 20 жыл бою уулуна миллионер экенин айткан эмес. Анын баласынын айтымында, атасы дайыма үй-бүлөнүн карызы үчүн сарсанаа болуп, начар жашоосуна нааразы болуп турчу.   Жаш жигит университетти аяктагандан кийин гана ата-энесинин хан сарайы жана кымбат баалуу унаалары бар экенин билген. Жыйынтыгында атасы уулун… Кененирээк…

Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат. Улуттук электр тармактары ишканасы билдиргендей, энергетиктер майрам күндөрү да, кадимки убакта дагы күнү-түнү нөөмөттө турушат.   Узакка созулган дем алыш күндөрүндө керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Учурда ишкананын бардык филиалдары ишин улантып,… Кененирээк…

Бишкекте экономика боюнча II эл аралык олимпиада өтөт

Бишкекте экономика боюнча II эл аралык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алат.   Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт: I тур онлайн форматта – 2024-жылдын 19-22-февралында… Кененирээк…

Бишкектин Алтымышев көчөсүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктоодо

Бишкектин Алтымышев көчөсүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, Алтымышев көчөсүнүн Руставели көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Тыныбеков көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) бөлүгүндө Б-3-2 үлгүсүндөгү 653 погондук метр ирригациялык лотоктор орнотулуп жатат.   Белгилеп кетсек, бул лотоктор секундасына 40-50 литрге чейин суу… Кененирээк…

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Хорватияда мелдешке катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватияда өтө турган биринчи рейтингдик мелдешке катышат.   Спорттук иш-чара эртеңден тарта 14-январга чейин уланат. Курама команданын тизмесинде Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева бар.

Рэпер Снуп Догг Париждеги Олимп оюндарында кабарчы болот

Рэпер Снуп Догг Париждеги Олимп оюндарында америкалык маалымат каражаттарынын бирине атайын кабарчы болот. Музыкант мелдештерге көз салып, спортчулар менен маектерди жаздырып, ошондой эле Франциянын борборунун кооз жерлерин кыдырат.   Эске салсак, жайкы Олимп оюндары быйыл 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.