Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады.   Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Саламаттыкты сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова жана Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.   Буга чейин алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш… Кененирээк…

Баткен жана Согди облус башчылары жолугушту

Бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жетекчилер алгач,… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот.   Мэрия маалыматына ылайык, эс алуу аймагы Байтик Баатыр жана Саманчин көчөлөр кесилишинде жайгашат. Бул жерде отургучтар, таштанды челектери, ирригациялык тармак орнотулуп, таман таштар төшөлдү.   Андан тышкары, жеринде “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Мэриядан такташкандай, буга… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет

Кыргызстанда аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, “үй бүлөгө көмөк”  пособиесинин өлчөмү 1 миң 300 сомду түзөт.   Андан тышкары, мындай үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифинде жеңилдиктер берилет. Алар бир киловатт-саат үчүн 50 тыйындан… Кененирээк…

Кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

Кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бирок ар кандай жөнгө салуу иш-чаралары болушу мүмкүн экенин Энергетика министри Таалайбек Ибраев эскертет.   Чиновник түшүндүргөндөй, кайсы бир көчөдө же райондо трансформаторлорго күч келсе, абоненттер башка тармакка өткөрүлөт. Бул жабдууларды күйүп кетүүдөн сактайт.   Эгер мындай чаралар… Кененирээк…

Быйыл 25 миңдей мугалим кесиптик билимин тереңдетти

Быйыл июнь-август айларында өлкө боюнча 25 миңдей педагог кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында окуудан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган мекеме 33 миң мугалим тренингден… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт

13-15-сентябрь күндөрү Бишкектин бир бөлүгүнө газ берилбей турганын «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди. Маалыматта 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан газ түтүгүндө оңдоо иштери жүрө турганы айтылат. Мындан улам 7-апрель, Баялинов жана Куланов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурайт. Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим… Кененирээк…

Венецияда бир күнгө келген туристтерден эми акы алынат

Венецияда бир күнгө келген туристтерден эми акы алынат. Өлкөгө кирүү үчүн билеттин баасы – 5 евро. Жаңы эрежелер аталган мамлекетке иштөөгө жана көп күнгө саякаттоого келгендерге тиешелүү эмес.   Туристтик агымды жөнгө салууга багытталган иш-чара тесттик режимде кийинки жаз же жай айларында 30 күнгө киргизилет.

Калкты тейлөө борборлору жана калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү мурдагы иштөө тарбине өткөрүлдү

Калкты тейлөө борборлору жана калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү мурдагы иштөө тарбине өткөрүлдү.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 1-июндан тарта аталган мекемелер сыноо иретинде эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеди.   Эми борборлор саат 9дан кечки 6га чейин тейлөө көрсөтөт. Бирок түштү тыныгуу… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш 3 жаңы министрдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 3 жаңы министрдин талапкерлигин жактырды.   Депутаттар Саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди, Эмгек министри ордуна Гүлнара Баатырованы жана Нурия Кутнаеваны Санариптик өнүктүрүү министрлигине дайындоого макулдугун беришти.   Эми тиешелүү жарлыктарга президент кол коюшу керек.